Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

"Ааламга жол айылдан башталат" дегендей , биз үчүн Кыргызстан кичи мекенибиз Бишкектен  башталат – биз иштеген, балдарды тарбиялап, келечекке пландарды түзгөн жер. Бүгүн Бишкекке 145 жыл толду жана анын ар бир жылы өзгөчө жана маанилүү окуяларга бай болду. Бул убакыттын ичинде шаардын жакшы салттары калыптанды. Аларды ардагерлер кылдаттык менен сактап келет,  жаштардын аркасы менен болсо эски салттарга жаңы дем берилет.

Өз эмгеги, күчү жана таланты менен шаарыбыздын өнүгүшүнө, бакубатчылыгына  баа жеткис салым кошуп жаткан жарандарыбызга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Урматтуу бишкектиктер, сиздердин шаарыбызга болгон сүйүүңөр жана берилгендигиңер, анын бакубатчылыгы үчүн камкордугуңар үчүн рахмат! Сүйүктүү шаарыбыздын келечеги кең, ал эми анын эмгекчил жана камкор тургундары иштерин ийгиликтүү ашырууга жана эң сонун долбоорлорду ишке ашырууга бай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенине ишенем. Бишкектин келечеги биздин биримдикке, ынтымакка жана шаарды жакшыртууга болгон умтулуубузга жараша болот.

Урматтуу бишкектиктер! Бул күнү бардык Бишкек шаарынын тургундарына ачык асман, ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле бардык иштерде ийгиликтерди каалайм.