Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусу менен, Джал кичи районунун Ахунбаев көчөсүнүн №194 үйдүн жашоочуларынын кайрылган арызынын негизинде, Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн (түштүк-батыш тарабындагы) кесилишинде жайгашкан жер участогу боюнча көчмө жыйын уюштурду.
Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.

Бүгүн, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгынын алдында коллегиянын отуруму өттү.

Ленин районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2019-2020 окуу жылына болгон даярдыгы текшерилди.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов бүгүн Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери күнү менен куттуктады.
Депутат Адиса Имангазиева борбор калаабыздын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүн мектепти мыкты деген баа менен бүтүрүшү менен жана өз алдынча чоң жашоонун башталышы менен Бишкек шаардык кеңештин атынан куттуктады.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин Президиуму кезектеги XXIV сессиинын отрурумн өткөрүүнүн 2019-жылдын 27-июнуна 09-00гө белгиледи.

Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк зонасын суу менен камсыздоо, техникалык шарттарды берүү жана “Бишкексууканал” ӨЭБ колдонгон тарифтерди изилдөө жөнүндө жумуш комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

Күн тартиби боюнча
Бишкек шаарынын мэриясы сунуштаган “Бишкек шаарынын аймагындагы акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруучу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” БШКнын токтомунун долбоору каралды.

Бул долбоор коомдук талкууга 2019-жылдын 5-мартынан баштап Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтында “Токтомдордун долбоорлору” бөлүгүндө жайгаштырылган (расмий сайттын шилтемеси https://clck.ru/GXv4y).

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов, шаардык кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери Бишкек шаарынын 2020-22-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын коомдук талкуулоо конференциясына катышышты.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана депутат Сергей Шин менен чогуу өз кабинетинде Новосибирск шаардык кеңешинин төрагасы Дмитрий Асанцевди, Новосибирск шаардык кеңешинин депутаттары Александр Бестужев жана Ольга Кондратенкону тосуп алды.
БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов, депутаттар Эремек Усубалиев, Адиса Имангазиева, Казыбек Эргешов, Сергей Шин 2019-жылдын 6-7-июндарында “Park Hotel” отелинде өтө турчу регионалдык форумга катышышты.

Жаныбек Абиров академик Иса Ахунбаевдин 110-жылдыгына, Борбордук Азияда жүрөккө жасалган опреациянын 60-жылдыгына жана Кыргызстандагы жүрөк хирургиясынын жана органдарды трансплантациялоонун илимий-изилдөө институтутунун туптөлүшүнүн 15-жылдыгына карата уюштурулган Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылыш аземине катышты.

Комиссиянын күн тартибинде жолдорду, тротуарларды, ирригациялык тармактарды куруу жана жасалгалоо боюнча титулдук тизмеге ылайык Бишкек ш. мэриясынын түзүмдүк кызматтарынын жасаган иштери, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу жөнүндө маселелер каралды.