Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адиса Имангазиева Бишкек шаарынын Свердлов районунун аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк баштыкчаларын даректүү түрдө жеткирип берип, колдоо көрсөттү.

Бардыгы болуп депутаттын өз каражатынан “Төкөлдөш” конушунун, Карпинский, Токтогул көчөлөрүнүн, Чүй проспектисинин жана “Городок строителей” кичи районунун 130 үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.