Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков өз каражатынын эсебинен Бишкек шаарынын Свердлов районунда (№18 МАБ, №20 МАБ, №21 МАБ) жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө, жалгыз турган пенсионерлерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөттү.

Акыркы 2 күн аралыкта шаардык кеңештин депутаты "Ак-Тилек", "Кайынды", "Келечек", "Дордой", "Дордой-1", "Дордой-2", "Ак-Бата", "Ак-Жар" жана "Энесай" жаңы конуштарында жашаган 1000 үй-бүлөгө даректүү түрдө азык-түлүк пакеттерин жеткирип берди.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын Свердлов району менен чектеш жайгашкан Аламүдүн районун “Акжар” жана “Адилет” конуштарынын жашоочуларына дагы көмөк көрсөтүлдү.

Жумабек Салымбеков Сведлов районунун башчысы Мурат Осмоновго айтылган жардамды ишке ашырууда көрсөткөн көмөккө ыраазычылык билдирет.