Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Чогултулган финансы каражатына коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда кызмат кылган медицина кызматкерлерине 100 даана коргоо костюмдары жана 200 даана жогорку сапаттагы маскалары сатылып алынды.

Коргоо костюмдар менен маскалар Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгына карашту мобилдик бригадаларга жана Бишкек шаарынын тез медицина борборуна тапшырылды.

Ошондой эле, шаардык кеңештин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык больницасынын толук жамаатына ысык тамак уюштурулуп берилди.

Бишкек шаардык кеңеш ушул күндөрү коронавируска каршы күндө кызмат өтөп жаткан ар бир жаранга ыраазычылыгын билдирет.