Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу апалар, эже, карындаштар, ардактуу айымдар!

  Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди  эл аралык айымдар күнү - 8-март  майрамыңыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм.  

Адамга өмүр тартуулаган ааламдын эң асылы – Аялзатты даңазалаган  бул майрам, жаз айынын башталышында белгиленип, мээримдүүлүктүн, сулуулуктун символу катары сезилет. Сиздер бар үчүн үйүбүз берекеге толуп, бактылуу жашоо кечирип келебиз. Сабырдуулук, акылмандык, мээримдүүлүк  менен бизди жакшыга  шыктандырып турасыздар. Кайгы тартып, кыйынчылыкка туш болсок - кайрат айтып,  кубансак - акыл айтып, адашсак - жол көрсөтүп, бизди жамандыктан сактаган, жакшылыкка багыттаган акылмандыгыңар, айкөлдүгүңөр баа жеткис.

   Сиздер үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо, коомдук иште да оор жүктү көтөрүп, жоопкерчиликтүү кызматкерлер, мыкты профессионалдар катары Бишкек шаарынын, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө салымыңыздарды кошуп келатасыздар.  Сиздерге терең таазим!