Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясынын күнүн жана убактысын 2023-жылдын 5-октябрына саат 09-00 го белгиледи.

Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты.

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.

Кенен маалымат...

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук башкы майрамы – Эгемендүүлүк Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эгемендүүлүк күнү ар бир кыргыз жараны үчүн улуттук биримдиктин, ынтымактын жана өлкөбүздүн азыркы учуру жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин күнү.
Биздин алдыбызда чоң милдеттер жана максаттар бар. Кийинки жылдары биз шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти активдүү жүргүзүп, экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашыруубуз керек. Ошону менен бирге, жарандык коомдун жардамына жана көмөк көрсөтүүсүнө таянып, шаардын экономикасынын өсүшүнө жетишүүбүз керек. Биздин башкы максат – тынчтык жана ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык жана токчулук.

Ушул маанилүү күнү, сиздерге каалап кетерим, бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштер менен жетишкендиктерди, туруктуу келечекке ишеним жана бакубаттуу жашоону каалаймын.
Сизге чың ден-соолук, аманчылык, бакубатчылык, элибиздин жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн чыныгы жаратман эмгек каалайм!
Ак кар баскан Ала-Тообуздан кут кетпесин, желегибиз желбиреп, бийиктиктен түшпөсүн! Урматым менен, Куванычбек Конгантиев