Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Орозоңуздар кабыл болсун жана бардык жакшы тилектер орундалсын!
Ыйык Орозо айында жасалган бардык жакшы иштер улантылсын! Элибиздин биримдиги бекем болуп, өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун. Ар бирибиз жакшы иштерди жасап, коомубуздун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.
Бул куттуу күн ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана жылуулук алып келсин. Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ырыскы-насип жана үй-бүлөлүк бакыт берсин. Үйлөрүңүздөрдө дайыма кубаныч, ынтымак жана береке орносун.
Айтыңыздар маарек болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиев.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

