Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын
12-июнундагы №319 “2012-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №319 “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пункттагы “6 283 265,0”, “4 277 353,7”, “521 421,0”, “512 644,6”, “453 351,2”, “518 494,5” деген сандар тийиштүү түрдө “6 520 456,4”, “4 516 190,2”, “533 635,4”, “503 469,1”, “457 381,7”, “509 780,0” деген сандарга алмаштырылсын;
2) “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
3) “2012-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелери менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча атайын каражаттардын пландуу суммасы 50 962,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Бул токтомдун 4-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.
4.Токтомдун 6-тиркемеси бул токтомдун 5-тиркемеси менен алмаштырылсын.
5. Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловго:
а) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына карата тартиптик таасири бар чаралар көрүлсүн;
б) 2013-жылдын кабыл алынган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өз убагында киргизүү камсыздалсын. Чыгымдардын каржыланышы жана бюджеттик каражаттардын беренеден беренеге которулушу Бишкек шаардык кеңештин сессиясында каралмайынча жүргүзүлбөсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                           М. А. Аманкулов                                                      
      Бишкек ш.,
      6-июнь 2013-жыл, №24

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарында катуу тиричилик
таштандыларды иштетүү системасын
жакшыртууга гранттык  жана кредиттик
каражаттарды тартууну  жактыруу жөнүндө
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу, айлана чөйрөгө таштандылардын зыяндуу таасирин кыскартуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаарынын мэриясына Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга 22,0 млн. евро (анын ичинде 11,0 млн. евро грант жана 11,0 млн. евро кредит)  суммадагы каражаттарды тартууга макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө макулдук берилсин.
2.                Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
-                     Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууга макулдашууларды, ошондой эле тийиштүү карыздык милдеттенмени кол коюу боюнча ишти жүргүзсүн;
-                     берилүүчү гранттык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну, каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана каралган пайыздарды эске алуу менен алынган кредитти төлөөнү камсыз кылсын;
-                     Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча гранттык жана кредиттик каражаттарды өздөштүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тобунун курамын Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;
-                     баштапкы этаптагы бардык инвестициялык долбоорлорду Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин.
3.                Гранттык жана кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнү деталдуу талдап чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан экиден өкүлдүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топ түзсүн.
4.                Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кол коюлуучу гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууга макулдашуу жеке бизнес сыяктуу эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн да катышуусун чектебөөсү тийиш экендиги белгиленсин.
5.                Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар  жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясы “Тазалык” МИсинин өндүрүштүк-чарбалык ишин талдоону уюштурсун.
6.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясына (П. Н. Десятников), бул кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнүн мыйзамдуулугу жана экономикалык натыйжалуулугу маселелери боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана катуу тиричилик таштандыларды   ташып  чыгаруу  жана утилизациялоо маселеси боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге  жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
8-май 2013-жыл, №23
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын
орун басарын шайлоо жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 38-статьясынын негизинде, добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Любовь Викторовна Ардамина XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2.      Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 
Төрага                                                               М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №6
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаарынын мэриясынын иши жөнүндө
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, көпчүлүк коалициянын чечимин эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Омуркулов:
а) үч күндүн ичинде ”Тазалык” муниципалдык ишканасынын начальниги М. А. Кутановдун, Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Б. Т. Кудайбергеновдун, Атаандаштык саясат башкармалыгынын начальниги А. Н Багутанын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги М. Э. Мияровдун, Бишкек шаарынын вице-мэри В. В. Красиенконун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын;
б) Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловдун, Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б. О. Дюшембиевдин жана А. И. Усубакунованын жоопкерчилик чараларын карасын;
в) үч айдын ичинде жасалган иштер жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин алдында отчёт берсин жана түзүлгөн кырдаалды оңдоо боюнча сунуш киргизсин;
г)  Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын начальниги Э. З. Зарлыковдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын башкы архитектору А. А. Абдыкаровдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылсын.
2.                Бул токтомду аткаруу боюнча чара көрүлбөгөн учурда Бишкек шаардык кеңештин фракциялары Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө процедурасын демилгелөө укугун өзүнө калтырат.
3.                Бул токтомдун аткарышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
11-март 2013-жыл, №7
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Туруктуу комиссиялардын төрагаларын
жана төрагаларынын орун басарларын
бекитүү жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-статьясынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаардык кеңештин XXVI чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарлары
 бекитилсин (тиркелет).
2.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам. 
 
Төрага                                                               М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №5