Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Муниципалдык менчикте турган турак эмес
жайларга жеңилдетилген ижара акысы менен
укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына, Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2002-жылдын 22 – майындагы № 127 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     Төмөнкүлөр бекитилсин:
а) жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин №2.1 тизмеси (1 - тиркеме);
б) жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын жана жайлардын № 2.1 тизмеги (2 - тиркеме);
в) жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугу берилген ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин №2.2. тизмеси (3 - тиркеме);
г) жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттардын, курулмалардын жана жайлардын № 2.2. тизмеги (4 - тиркеме).
2.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                   М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №40
                                                   Бишкек шаардык кеңештин
                                                                                                                                                                2013-жылдын “27”июнундагы
                                                                                                                                                                №40 токтомуна 1 -тиркеме
 
 
Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугуна ээ ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин
№ 2.1. ТИЗМЕСИ
 
 
Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын жайгашкан орду
 
Берилүүчү
жеңилдик
1
2
3
4
1.      
Бишкек почтамт
Чүй проспекти, 96-үй
100
2.      
Бишкек шаарынын ИИББ ЖККБсы
Горький көчөсү, 20
100
3.      
Бишкек шаарынын ИИББсы
Токтогул көчөсү, 64 а - үй
100
4.      
Ленин районунун ИИБсы
Москва көчөсү, 203-үй
100
5.      
Октябрь районунун ИИБсы
Скрябин көчөсү, 86 -үй
100
6.      
Биринчи май районунун ИИБсы
Панфилов көчөсү, 1-үй
100
7.      
Свердлов районунун ИИБсы
Сүйүмбаев көчөсү, 73 - үй
100
8.      
ИИББнын МПККсынын полку
Васильев шоссеси, 1-үй
100
9.      
Бишкек шаарынын Прокуратурасы 
Абдымомунов көчөсү, 276
100
10. 
Бишкек шаары боюнча КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы
 Эркиндик бульвары, 70-үй
100
11. 
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту
Абдрахманов көчөсү, 132
100
12. 
Ленин районунун ЖААЖcы
Чүй проспекти, 115
100
13. 
Биринчи май районунун ЖААЖсы
Тоголок Молдо көчөсү, 21
100
14. 
Октябрь районунун ЖААЖсы
3-кичирайон, 28/1 үй
100
15. 
Свердлов районунун ЖААЖсы
Чүй проспекти, 67
100
 
 
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси                                                                            Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
                                                                                                                                                                                                                                               Бишкек шаардык кеңештин
           2013-жылдын “___” _________
№ ____токтомуна 2- тиркеме
 
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган,
жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага бериле турган
турак эмес имараттардын, курулмалардын жана жайлардын
 N 2.1 ТИЗМЕГИ
 
Турак эмес имараттын, курулманын же жайдын жайгашкан орду
 
Жайдын тиби
Аянты чарчы метр.
N2.1 тизмедеги ишкананын, уюмдун же мекеменин №
Ишкананын, мекеменин же уюмдун аталышы
 
Берилүүчү жеңилдик
1
2
3
4
5
6
7
1     
 10-кичирайону, 17/1 үй
1-кабат
208
1
Бишкек почтамт, № 23 филиал
100
2     
12-кичирайону, 7-үй
1-кабат
72,45
1
Бишкек почтамт, № 49 филиал
100
3     
3-кичирайону ,   10-үй
өзүнчө турган имарат
97,2
1
Бишкек почтамт, № 64 филиал
100
4     
7-кичирайону, 22-үй
1 –кабат
106,4
1
Бишкек почтамт, № 28 филиал
100
5     
Аламүдүн-1 кичирайону (тейлөө комплекси)
1-кабат
174,57
1
Бишкек почтамт, № 83 филиал
100
6     
Жал кичирайону, 94-үй
жертөлө
60
1
Бишкек почтамт, № 38 филиал
100
7     
Көк-Жар кичирайону, 2-үй (аялдамада)
өзүнчө турган имарат.
72,48
1
Бишкек почтамт, № 82 филиал
100
8     
Тунгуч кичирайону, 70-үй
1 –кабат
65,78
1
Бишкек почтамт, № 48 филиал
100
9     
Жибек-Жолу проспекти, 220-үй
1 –кабат
212
1
Бишкек почтамт, № 45 филиал
100
10    
Чүй проспекти, 30-үй
1-кабат
309,37
1
Бишкек почтамт, № 65 филиал
100
11    
Чүй проспекти, 63-үй
1-кабат
59,43
1
Бишкек почтамт, № 22 филиал
100
12    
Алыкулов көчөсү, 5-үй
1-кабат
71
1
Бишкек почтамт, № 43 филиал
100
13    
Байтик Баатыр көчөсү, 5 б-үй
1-кабат
168,31
1
Бишкек почтамт, № 5 филиал
100
14    
Орто-Сай айылы, 10-үй
1-кабат
57,4
1
Бишкек почтамт, № 16 филиал
100
15    
Ибраимов көчөсү, 33-үй
1-кабат
145,7
1
Бишкек почтамт, № 21 филиал
100
16    
Киев көчөсү, 114-үй
1 –кабат
233,93
1
Бишкек почтамт, № 1 филиал
100
17    
 Красная көчөсү, 156-үй
1 –кабат
73,4
1
Бишкек почтамт, № 7 филиал
100
18    
Панфилов көчөсү,   2-үй
1-кабат
185,5
1
Бишкек почтамт, № 55 филиал
100
19    
Салиева көчөсү, 145-үй
1 –кабат
225
1
Бишкек почтамт, № 51 филиал
100
20    
Сүйүмбаев көчөсү, 142-үй
1 –кабат
170
1
Бишкек почтамт, № 11 филиал
100
21    
Токтогул көчөсү, 93-үй
1 –кабат
275
1
Бишкек почтамт, № 40 филиал
100
22    
Циолковский , көчөсү, 86 а үй
1-кабат
139
1
Бишкек почтамт, № 27 филиал
100
23    
Горький көчөсү,   1-үй
өзүнчө турган имарат
1689
3
Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖККБсы, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмү
100
24    
Бөкөнбаев көчөсү, 232-үй
1 –кабат
35,4
3
Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖККБсы, ЭКД пункту
100
25    
Орозбеков көчөсү, 281-үй
өзүнчө турган имарат
652
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (гараждын имараты)
100
26    
Токтогул көчөсү,   64 а –үй
өзүнчө турган имарат
644
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (УКЖ)
100
27    
Токтогул көчөсү, 64 а-үй
өзүнчө турган имарат
1254,9
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (жаңы административдик имарат)
100
28    
Орозбеков көчөсү, 281-үй
өзүнчө турган имарат
2625
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (кабыл алуу-бөлүштүрүү)
100
29    
Токтогул көчөсү,   64 а –үй
өзүнчө турган имарат
500
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (спортзал)
100
30    
Токтогул көчөсү,   64 а үй
өзүнчө турган имарат
2684,6
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (эски административдик имарат)
100
31    
 Токтогул көчөсү,   64 а – үй
өзүнчө турган имарат
992
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (эски административдик имарат)
100
32    
Токтогул көчөсү,   64 а – үй
жертөлө
184
4
Бишкек шаарынын ИИББсы (тир)
100
33    
Токтогул көчөсү, 64 а –үй
өзүнчө турган имарат
785,4
4
Бишкек шаарынын ИИББсы, Кылмыш тергөө башкармалыгы
100
34    
Ак-Өргө конушу
өзүнчө турган имарат
36
5
Ленин районунун ИИБсы, таяныч пункт
100
35    
Жал кичирайону,   12 – үй
жарым жертөлө
18
5
Ленин районунун ИИБсы, таяныч пункт
100
36    
Орто-Сай айылы, Рысмендиев көчөсү, 9-үй
өзүнчө турган имарат
240
5
Ленин районунун ИИБсы, ГОМ-3
100
37    
№8 мектеби, Жаш Гвардия бульвары, 8-үй
өзүнчө турган имарат
90
5
Ленин районунун ИИБсы, жашы жете элек балдардин иштери боюнча инспекция
100
38    
Москва көчөсү, 203-үй
өзүнчө турган имарат
998,6
5
Ленин районунун ИИБсы административдик имарат
100
39    
 Сыдыков көчөсү, 258
жарым жертөлө
35,61
5
Ленин районунун ИИБсы коомдук профилактика борбору  
100
40    
3-кичирайону, 4-үй
1 -кабат
150
6
Октябрь районунун ИИБсы МШБ -11
100
41    
Асанбай кичирайону, 40-үй
өзүнчө турган имарат
645
6
Октябрь районунун ИИБсы МШБ - 4
100
42    
Көк-Жар кичирайону, 3-үй, 6-подъезд
жарым жертөлө
202
6
Октябрь районунун ИИБсы, МШБ - 6
100
43    
Тунгуч кичирайону, 12-үй, 1 -кв.
1 -кабат
64
6
Октябрь районунун ИИБсы, МШБ - 6
100
44    
Белоруссь көчөсү, 6-үй
өзүнчө турган имарат
336
6
Октябрь районунун ИИБсы, МШБ - 6
100
45    
Скрябин көчөсү, 86-үй
өзүнчө турган имарат
675
6
Октябрь районунун ИИБсы, адмиинстративдик имарат
100
46    
Совет көчөсү, ¼ үй
1 -кабат
120
6
Октябрь районунун ИИБсы, МШБ - 5
100
47    
Скрябин көчөсү,   86-үй
өзүнчө турган имарат
300
6
Октябрь районунун ИИБсы, коомдук коопсуздук бөлүмү
100
48    
Гвардейская туюк көчөсү, 3-үй
өзүнчө турган имарат
260
6
Октябрь районунун ИИБсы, күзөт бөлүмү
100
49    
Тыныстанов көчөсү, 285-үй
өзүнчө турган имарат
468
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы, МШБ – 8
100
50    
Жибек-Жолу проспекти, 328-үй
1 -кабат
547
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы, МШБ – 7
100
51    
Ахунбаев көчөсү,   137-үй
1 -кабат
55
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы, таяныч пункту
100
52    
Панфилов көчөсү, 1
өзүнчө турган имарат
1425
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы, таяныч пункту
100
53    
Урицкий көчөсү,   34-үй
1-кабат
55
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы, таяныч пункту
100
54    
Энгельс көчөсү,   137-үй
Жарым жертөлө
67,2
7
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсы,таяныч пункту
100
55    
 Аламүдүн-1 кичирайону, 10-үй, 11-кв.
1 -кабат
61
8
Свердлов районунун ИИБсы, МШБ – 17
100
56    
Фере көчөсү, 34 –үй (Б литери)
өзүнчө турган имарат/ жер участогу
256,3/
2700
8
Свердлов районунун ИИБсы, МШБ – 11
100
57    
 Жибек-Жолу проспекти, 92-үй
өзүнчө турган имарат
54
8
Свердлов районунун ИИБсы, МШБ – 9
100
58    
№66 мектеби,   Чыгыш-5 кичирайону
өзүнчө турган имарат
55
8
Свердлов районунун ИИБсы, жашы жете элек балдардин иштери боюнча инспекция
100
59    
Ибраимов көчөсү,   61-үй
1 -кабат
167
8
Свердлов районунун ИИБсы, МШБ - 10
100
60    
Сүйүмбаев көчөсү, 73-үй
өзүнчө турган имарат
950
8
Свердлов районунун ИИБсы, административдик имарат
100
61    
Жибек-Жолу проспекти,   92-үй
өзүнчө турган имарат
530
8
Свердлов районунун ИИБсы, Күзөт бөлүмү
100
62    
Кара бак сейил багы
курулма
1231
10
ИИББнын МПККсы
100
63    
 Тыныстанов көчөсү, 6б - үй
1 -кабат
220
11
Бишкек шаарынын Прокуратурасы,   Октябрь районунун Прокуратурасы
100
64    
Москва көчөсү,   15-үй
1-кабат
249,9
11
Бишкек шаарынын Прокуратурасы,   Свердлов районунун Прокуратурасы
100
65    
Жаш Гвардия бульвары, 69 -үй
1-кабат
144
12
Ленин районунун Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы
100
66    
Жибек-Жолу проспекти,    328 -үй
1 -кабат
148,5
12
Биринчи май районунун Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы
100
67    
Абдрахманов көчөсү, 132
2-кабат
309
13
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту
100
68    
Чүй проспекти, 115
Өзүнчө турган имарат
98
1
Ленин районунун ЖААЖсы
100
69    
Тоголок Молдо көчөсү, 21
1-кабат
105
2
Биринчи май районунун ЖААЖсы
100
70    
3-кичирайон, 28/1 үй
Өзүнчө турган имарат
302,1
3
Октябрь районунун ЖААЖсы
100
71    
Чүй проспекти, 67
1-кабат
90,2
4
Свердлов районунун ЖААЖсы
100
 
 
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси                                                    Э. А. Нурдавлетов
 
 
 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
                     2013-жылдын “____” __________
                                  № ____токтомуна 3- тиркеме
 
 
Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугу берилген
ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин
№ 2.2. ТИЗМЕСИ
 
 
Ишкананын, уюмдун же мекеменин аталышы
Ишкананын, уюмдун же мекеменин жайгашкан жери
Берилүүчү жеңилдик
1
2
3
4
1.       
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы
“Көк-Жар” кичирайону, 1-үй, 4-п.
100
2.       
 “Сезим” кризистик борбору
Жантөшев көчөсү,117-үй
100
3.       
Майыптардын Кыргыз Республикалык коому
Чүй проспекти, 34-үй
100
4.       
Майып аялдардын көз карандысыз ассоциациясы
Ахунбаев көчөсү, 98 “а” үй
100
5.       
“Эколь” билим берүү – эстетикалык борбору
“Аламүдүн” кичирайону
50
6.       
“Жез-Оймок” Коомдук бирикмеси
Совмин шаарчасы конушу, 8-үй
50
7.       
Свердлов районунун майыптар коому
Салиева көчөсү, 145-үй
100
8.       
Ленин районунун майыптар коому
Калык Акиев көчөсү, 53-үй
50
9.       
Ленин районунун майыптар коому
Токтогул көчөсү, 244-үй
100
10. 
“Икар ЛТД” Майыптардын жоопкерчилиги чектелген коому
Тыныстанов көчөсү, 8-үй
100
11. 
Свердлов районунун майыптар коому
Чүй проспекти, 97-үй
50
12. 
“Психикалык ден соолук жана коом” КБсы
Аламүдүн – 1 кичирайону (СБ)
100
13. 
Эне бактысы
Сыдыков көчөсү, 258
50
14. 
Л. М. Фомова атындагы КСККБсы
Бөкөнбаев көчөсү, 232-үй
100
15. 
“Талыкбас А. Т. А.” КФсы
Карасаев көчөсү, 41-үй
100
16. 
КРнын Чернобыль Союзу
Москва көчөсү, 53-үй
100
17. 
Майыптардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы
Салиева көчөсү, 145-үй
100
18. 
Жеке - мамлекеттик еврей мектеби
4-кичирайону, 36- үй
100
19. 
 «Ломантин» кайрымдуулук коому
Көк-Жар кичирайону, 3-үй, 2-п.
100
20. 
“Балажан” эстетикалык тарбия берүү республикалык окуу-методикалык борбору
Москва көчөсү, 53-үй
50
21. 
“Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду
8-кичирайону, 14 “а” үй
100
22. 
Октябрь районунун майыптар коому
Тыныстанов көчөсү, 8-үй
100
23. 
«Оберег» РБсы
 Васильев көчөсү,   95-үй
100
 
 
 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси                                                                                                Э. А. Нурдавлетов
 
             
 
 
 
 
                  Бишкек шаардык кеңештин
                       2013-жылдын “___”_________
                                                                                                                                                                       № ____токтомуна 4 - тиркеме
 
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган,
 жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилген
турак эмес жайлардын, курулмалардын жана имараттардын
№ 2.2 ТИЗМЕГИ
 
Турак эмес жайдын, курулманын же имараттын жайгашкан жери
Имараттын тиби
Аянты чарчы метр
№ 2.1. Тизмедеги ишкананын уюмдун же мекеменин №
Ишкананын, уюмдун же мекеменин аталышы
Колдонуудагы жеңилдик
1
2
3
4
5
6
7
1         
“Көк-Жар” кичирайону, 1-үй, 4-п.
жарым жер төлө
55
5
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы
100
2         
Жантөшев көчөсү,117-үй
өзүнчө турган имарат
173,01
6
“Сезим” кризистик борбору
100
3         
Чүй проспекти, 34-үй
1-кабат
50
7
Майыптардын Кыргыз Республикалык коому
100
4         
Ахунбаев көчөсү, 98 “а” үй
жер төлө
92,7
8
Майып аялдардын көз карандысыз ассоциациясы
100
5         
“Аламүдүн-1” кичирайону
өз алдынча турган имарат
268
9
 
“Эколь” билим берүү – эстетикалык борбору
50
6         
Жил. Городок Совмина, д. 8
жарым жер төлө
105
10
“Жез-Оймок” Коомдук бирикмеси
50
7         
Салиева көчөсү, 145-үй
жер төлө
25
11
Свердлов районунун майыптар коому
100
8         
Калык Акиев көчөсү, 53-үй
1-кабат
91
12
Ленин районунун майыптар коому
50
9         
Токтогул көчөсү, 244-үй
1-кабат
43
13
Ленин районунун майыптар коому
100
10    
Тыныстанов көчөсү, 8-үй
жер төлө
52,5
14
“Икар ЛТД” Майыптардын жоопкерчилиги
100
11    
Чүй проспекти, 97-үй
жер төлөө
77
15
Свердлов районунун майыптар коому
50
12    
“Аламүдүн – 1” кичирайону (СБ)
өзүнчө турган имарат
30
16
“Психикалык ден соолук жана коом” КБсы
100
13    
Сыдыков көчөсү, 258
жарым жертөлө
45,65
17
«Эне бактысы»
50
14    
Бөкөнбаев көчөсү,   232-үй
1-кабат
50
18
Л. М. Фомова атындагы КСККБсы
100
15    
Карасаев көчөсү,   41-үй
өзүнчө турган имарат
181,82
19
«Талыкбас А.Т.А.» КФсы
100
16    
Москва көчөсү, 53-үй
1-кабат
14,9
20
КР Чернобыль Союзу
100
17    
Салиева көчөсү, 145-үй
1-кабат
60
21
Майыптардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы
100
18    
4-кичирайону,   36-үй
өзүнчө турган имарат
800,1
22
Жеке - мамлекеттик еврей мектеби
100
19    
Көк-Жар кичирайону, 3-үй, 2-п.
жарым жер төлө
80
23
 «Ломантин» кайрымдуулук коому
100
20    
Москва көчөсү, 53-үй
1-кабат
966
24
“Балажан” эстетикалык тарбия берүү республикалык окуу-методикалык борбору
50
21     
8-кичирайону, 14 “а” үй
өз алдынча турган имарат
1340
25
“Светлый путь” Коомдук кайрымдуулук фонду
100
22    
 Тыныстанов көчөсү, 8-үй
жертөлө
52,5
26
Октябрь районунун майыптар коому
100
23    
Васильев көчөсү, 95 үй
жертөлө
152,2
27
«Оберег» РБсы
100
    
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси                                                                                     Э. А. Нурдавлетов

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын
6-июнундагы № 24 “2012-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”
токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
 
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-июнундагы № 24 “2012-жылга карата Бишкек  шаарынын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-пункттун б) кичи пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“б) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамына ылайык 2013-жылдын кабыл алынган бюджетине өз убагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камсыз кылсын.”.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.) жана биринчи вице-мэр М. А. Исмаиловго жүктөлсүн.
 
Төрага                                                                        М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №41

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын
жана чарбалык эсептик уюмдарынын жеке жана
юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жаатында
ишин жайылтуу жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдарынын   жетекчилеринин Бишкек шаарынын жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү маселелерин өз убагында кароо үчүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.       Бишкек шаарынын мэриясы:
-         Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык алардын өз убагында аткарылбагандыгы үчүн айып пул санкцияларын милдеттүү түрдө кароо менен, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды аткаруу тартибин жана мөөнөтүн жөнгө салуучу документти иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды өз убагында аткарбагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүү маселесин демилгелөө сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылсын;
-         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жана чарбалык эсептик уюмдарынын ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         2013-жылдын 10-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
2.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Омуркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №26

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
“Кайыңдуу токойго” шаар курулуш
ишинен бош, кичи райондук маанидеги
бак статусун берүү жөнүндө
 
         “Республика” фракциясынын жана “КСДП” фракциясынын депутаты А. М. Кененбаевдин Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” статус берүү маселеси боюнча кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-февралындагы    № 16 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматын угуп чыгып, жашыл мейкиндиктерди сактоо, аларды кесүүгө жана санкцияланбаган курулушка жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    Бишкек шаарынын сейил бактарынын жана гүл бакчаларынын аймагындагы жерлерди пайдалануу маселелерин талдап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2.    Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” шаар курулуш ишинен бош, кичи райондук маанидеги бак статусу берилсин.
3.    Бишкек шаарынын мэриясы бактын чегин белгилесин, белгиленген тартипте тийиштүү документтерди жол-жоболоштурсун жана кичи райондук маанидеги “Кайыңдуу токой” багын “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берсин.
4.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №27

Бишкек шаардык кеңештин токтому

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын
2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн, жумушчу комиссиялардын чечимдерин эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттагы “6 509 218,8”, “4 407 622,6”, “542 616,4”, “541 243,6”, “489 934,7”, “527 801,5” деген сандар тийиштүү түрдө “6 544 218,8”, “4 439 638,1”, “543 918,8”, “540 410,4”, “493 158,4”, “527 093,1” деген сандарга алмаштырылсын;
б) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
в) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
г) 17-пункттун 6-подпунктунан “2013-жылдын 1-июнуна чейин” деген сөздөрү алынып салынсын;
д) 26-пункттагы “г)” подпункту алынып салынсын;
  
е) токтом төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын:
“26-1. Бишкек шаардык кеңештин жогорудагы жумушчу комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бекиген бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карап чыгуу сунушу менен 2013-жылдын 20-ноябрына чейинки мезгилде кайрылсын”;
ж) 30-пункттун “д)” подпунктундагы “Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын чыгымдары” деген сөздөрү алынып салынсын;
з) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык анализи, Бишкек шаардык өз алыдынча башкаруусунун резерв фондусу жөнүндөгү жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын финансы-чарбалык ишмердигинин инвентаризациясы жана анализинин жыйынтыгы жөнүндөгү суроолорду изилдеп чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү максатында түзүлгөн жумушчу комиссиясынын иши бүткүчө 30-пункттун “д)” жана “е)” подпункттарынын аткарылышы токтотулсун;
и) 30-пункт төмөнкү мазмундагы подпункттар менен толукталсын:
“р) Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын уюмдаштыруучулук документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туураланышы камсыздалсын. Жыйынтыктары жөнүндө кезектеги сессияда маалымдалсын;
с) милициянын участкалык пункттарынын (МУП) жайгашуу жерлери аныкталсын.”
2.   Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                              М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №25