Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

“Бишкек шаардык санитардык полигон”

Муниципалдык ишканасынын абалы жөнүндө

 

         Азыркы убакта Бишкек шаарында экологиялык кырдаал татаал бойдон калууда.  Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны булгоо көйгөйү жергиликтүү мүнөзгө жана  ири шаарлар, өнөр жай  борборлору жана  биринчи кезекте Бишкек шаары үчүн мүнөздүү.

         Айлана чөйрөнү булгоонун бирден-бир негизги булагы болуп  шаардык таштанды төгүүчү жай саналат.  Тиричилик, уулу жана медициналык таштандыларды ташып чыгаруу, утилизациялоо, көмүү көйгөйлөрү абдан курч турат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен бирдикте Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы  тарабынан  бир нече жолу шаардык санитардык полигонго баруулар жүргүзүлдү, бүгүнкү күнгө  санитардык полигондун абалы элдин  ден соолугу жана айлана чөйрө үчүн  коркунуч туудуруп жатат.

         Шаардык санитардык полигондун абалы боюнча мамлекеттик санитардык кызматтардын берген корутундуларына жана   бийиктиги 3 метр жана андан жогору жыйналган 4 гектар  жерге жаныбарлардан алынган биологиялык таштандылар айлана чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизүүчү кесепеттерге көңүл буруу зарылдыгын белгилөө керек.

         Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэринин жана тийиштүү шаардык кызматтардын жетекчилеринин  санитардык полигондун абалын жакшыртпастан,  начарлатып жаткан канааттандыраарлык эмес ишин белгилөө зарыл. Таштанды полигонунун аймагындагы мурунку кирүү жолдорунун,  Беккера чуңкуруна мурунку кирүүчү жолунун жоктугун, ошондой эле  таштандылар менен басылганын жана  чуңкурдун өзүн  жаап калгандыгын акыркы жерине баруу көрсөттү. Атайын техниканы калыбына келтирүү боюнча таасирдүү чаралар көрүлбөйт, бүгүнкү күнгө  санитардык полигондо бир дагы техника бирдиги иштебейт, 2012-жылы 7658000 миң сомго сатылып алынган бульдозер  калыбына келтирүү үчүн кошумча каражаттарды талап кылып жатат, ал эми  азыркы убакта  башка уюмдун атайын техникасы ишке тартылып жатат, мисалы, бульдозерди ижарага алуу үчүн  иштин ар бир сааты үчүн 2200 сом өлчөмүндө акы төлөө жүргүзүлүп жатат.

         Азыркы учурда “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасын каржылоо боюнча көйгөй бар, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карызы:  2013-жыл үчүн -29798,8 миң сом, 2014-жылдын 11 айы үчүн – 26028,2 миң сом, бардыгы 55827,0 миң сом. Бүгүнкү күнгө  67,0 млн. сомду түзгөн дебитордук карызды  өндүрүү боюнча чаралар көрүлбөйт.

 Ошондой эле, Бишкек шаардык санитардык полигондун жумушчуларынын айлык акыларын өз убагында төлөө, аларды сүт азыктары, атайын кийимдер, тумшук каптар, тийиштүү санитардык ченемдери менен жайлар, ичүүчү суу, жуунчу жай менен камсыздоо, жумушчуларга медициналык кароону уюштуруу маселелери чечилбейт, дератизациялык иш-чаралар жүргүзүлбөйт дезинфекциялык барьерди, таразаны, көрмө-байкоо камераларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлбөйт, ташылып келип жаткан катуу тиричилик таштандылардын, биоташтандылардын саны, ошондой эле аларды көмүү боюнча так контроль жок. “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмүү боюнча  көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн түшүүчү каражаттар боюнча анализдин жоктугун белгилөө керек.

         Жогоруда жазылгандардын, мамлекеттик санитардык кызматтардын корутундуларынын, “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын кызматчыларынын арыздарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасыныналдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынынкарызын төлөөнү жүргүзсүн;

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын кызматчыларын тийиштүү эмгек шарттар менен камсыз кылсын;

-                      Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан  белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык Беккера чуңкурунун ишин камсыз кылсын;

-                     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23- сентябрындагы №644 “Кыргыз Республикасынын аймагында келемиштер менен күрөшүү чараларын күчөтүү жөнүндө”  токтомуна ылайык полигондун аймагында дератизациялык иш-чараларды жүргүзсүн;

-                     катуу тиричилик таштандыларды, жаныбарлардын таштандыларын (терилер, жаныбарлар өлүктөрү) ташып келүү  жана көмүү,  таштандылардын бул түрүн ташып келүүчү  субъекттер менен келишимдерди  түзүү боюнча контролду камсыз кылсын;

-                      биологиялык таштандыларды күйгүзүү боюнча  мештин иштөөсүн камсыз кылсын;

-                      таразаны, көрмө-байкоо камераларды, полигондон чыгууда автотранспорт үчүн дезинфекциялык барьерди  калыбына келтирүү боюнча  чара көрсүн;

-                      атайын техниканы калыбына келтирүүгө кеткен каражаттардын анализин жүргүзсүн;

-                      дебитордук карызды өндүрүү боюнча маселени чечсин;

-                     таштанды полигонуна ташылып келинип жаткан (учет журналында ташылып келинип жаткан катуу тиричилик таштандылардын саны) катуу тиричилик таштандылардын учётун жана контролун күчөтүү боюнча маселени чечсин;

-                     “Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасынынабалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын, планды ишке ашыруу программасын  иштеп чыксын жана берсин;

-                     Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы №85 Тазалык” муниципалдык ишканасындагы иштердин абалы жөнүндө”, “2014-жылдын 14-октябрындагы №98 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” токтомдорунун аткарылышын камсыз кылсын.

2.                Бишкек шаарынын вице - мэри  М. Н. Саккараевдин, ал тейлеген “Тазалык” муниципалдык ишканасы“Бишкек шаардык санитардык полигон” муниципалдык ишканасыкызматтарынын каржылоо, полигондо автотранспорттун иши, полигондун кызматчыларынын эмгек шарттарын камсыздоо, ташылып келүүчү  катуу тиричилик таштандынын учётун  жүргүзүү, ташылып келүүчү биологиялык таштандылардын, терилердин, жаныбарлардын өлүктөрүнүн учёту,  таштандылардын бул түрүн  ташуу үчүн контракттардын  жоктугу, абоненттик базаны жана чара көрүүнү талап кылган башка иш-чараларды көбөйтүү ишин тескөө маселелерин чечүү боюнча канааттандыраарлык эмес иши белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жана  Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар  жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

2-март  2015-жыл,  № 109