Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Даниярбек Иманалиев жана Сиябек Макеновдун демилгеси боюнча жана борбордун Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жайгашкан участокту абаттоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, 2018-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров биринчи ирет жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.
Спикер шаар тургундары менен жолугуп, алардын пикирлерин, сунуштарын укту. Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жол кооспуздугу, турак жай, коммуналдык чарба жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.
Шаар парламентинин башчысы шаар тургундары менен иштөөнүн жаңы форматын киргизүүдө. Ыкчам чечүүнү жана дыкат изилдеп чыгууну талап кылган маселелер боюнча муниципалитеттин тийиштүү кызматтарынын адистеринин катышуусунда жерине барып таанышуу жана андан кийин аны чечүү жүргүзүлмөкчү.
Жолугушууда калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү маселелерине басым жасалды.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун ою боюнча, шаар тургундары менен жолугушуу – шаар бийлиги менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттешүүсүнүн ачык мисалы болуп эсептелет.

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абиров жана борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун катышуусу менен жаңы троллейбустардын ишке киргизилишине арналган салтанат өттү.
“Оберег” реабилитациялык борбору өзүнүн 15 жылдыгын белгиледи. Аталган уюмдун ишмердүүлүгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө жана коррекциялык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Бугүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров Кыргыз – Россия Славян Университетинин 25 жылдык мааракесине карата окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды.