Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордук Жал-23 кичи районунда шаар тургундарынын сейилдөө жана эс ал алуу бакчасы уюштурулду.

Бүгүн, 20-октябрда сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жана Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Жаныбек Абировдун колдоосу менен Жал-23 кичи районунда дагы бир сейил багы пайда болду.

Кенен маалымат...

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешинде Грузияда өткөн Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасынын жеңичүүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, орун басары Русланбек Жакышов,

депутаттар: Адиса Имангазиева, Сайдакмат Исмаилов жана Базарбек Абдраев катышты.

Олимпиаданын жеңичүүлөрүн БШКнын ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйлашты. КРнын шахмат федерациясынын тренери күмүш белгиге арзыды.

Баса белгилей кетсек, Дүйнөлүк Олимпиадага жер жүзүнүн күчтүү - күчтүү шахматчылары катышкан. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Азия оюндарында 10 км алыстык ​​үчүн болгон жарышта алтын медалга ээ болгон Дарья Маслова дагы сыйлык ээлеринин катарында.

Мааракенин алкагында заманбап балдар аянтчасынын ачылыш болду.

Кенен маалымат...

 

Бишкек жана Рига шаардык парламенттеринин өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу Бишкек шаардык кеңештин төргасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов, Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлери – Эрмек Усубалиев, Таалайбек Сариев, Таалайбек Сагынов, Асылбек Кадралиев, Жанар Алымов, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары Адиса Имангазиева, Асылбек Акылбеков жана депутат Валентина Лисниченконун катышуусунда өттү.

Кенен маалымат...