Борбордун Биринчи май районунун тургундарынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана спикердин орун басары Русланбек Жакышов шаар кызматтары менен бирдикте Ю. Фучик жана Профсоюздук көчөлөрдүн кесилишинде жол кыймылын уюштуруу жана жолчырак орнотуу маселелери менен жеринен барып таанышышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары - Русланбек Жакышовдун демилгеси боюнча борбордун Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун “Тулпарташ, Жазира, Кереге-Тоо көчөлөрүнө 90 чырак орнотулду.
Төрага Жаныбек Абиров башында турган Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, аппарат кызматкерлери, Ленин районунун акимчилиги жана №2 МАБдын кызматкерлери борбор калаанын Ленин районундагы “Балалык” скверинеде ишембилик өткөрүштү.
Баруунун жыйынтыгында “Бишкекасфальтсервис” МИсине үч күндүк мөөнөттө №90 мектептин жанына ылдамдыкты чектөөчү жол дөңгүл орнотуу жана “Орок” конушунун 30 жылдык мааракесине карата борбордук көчөлөрдө жол-чуңкур ремонтун жүргүзүү маселелерин карап чыгуу тапшырылды.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Р. Сарпашев, Ленин административдик районунун жетекчиси Н. Тынаев, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин, Жер ресурстар башкармалыгынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, “Тазалык” МИсинин жана “Жашылчарба” МИсинин өкүлдөрү катышты.