Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 06.11.2025 г.  

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 57

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарынын кайталанышын, бир көчө багытында кетип, бир нече аталышка ээ болгон жана бир нече бөлүктөргө бөлүнүшүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарын, бульварларын, көчөлөрүн жана туюк көчөлөрүн кайра атоого, жыйырма жылга мораторий жарыялансын, төмөндө көрсөтүлгөн кайра аталыштарды кошпогондо:

1) каралгандар:

Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтому;

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы №324 “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө” токтому;

2) “Пригородный 30 га” конушу жана ушул конуштагы көчөлөр, Арча-Бешик конушундагы №6 көчө, административдик аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган көчөлөр;

3) 1-18-тиркемелерге ылайык көчөлөр.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №22 “Бишкек шаарынын географиялык объектилерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтому ушул токтомдун тиркемелерине ылайык 1-18 тиркемелери менен толукталсын жана бекитилсин.

 

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун аткарылышы боюнча зарыл чараларды көрсүн.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек, Аламүдүн, Сокулук филиалдары жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы эсептик-инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

  5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

  7. Ушул токтом  расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                       Б. Усеналиев 

 

Тиркеме  (pdf.2mb)

Опубликовано 23.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 59

 

Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык
жардам төлөө жөнүндө

 

         Жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына белгилүү даталарга карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү
2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                 Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.15kb)

Тиркеме 2 (docx.18kb)

Опубликовано 23.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 51

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пунктчалар менен толукталсын:

«17) Мамлекеттик сыр (купуя) – Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү, коопсуздугу, экономикалык, илимий-техникалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай сакталмалардын түрлөрүндө сакталган жана таратылуучу, мамлекеттин көзөмөлүндө турган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан атайын тизмектер жана эрежелер менен чектелген маалымат;

18) Шайлоочулардын тапшырмасы – бул депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу учурунда тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулушу тарабынан депутаттар менен депутаттык фракцияларга берилген коомдук мааниге ээ болгон тапшырма.»;

2) расмий тилиндеги 12.1 пункттун 1-абзацындагы «приноситься» деген сөз «приносится» деген сөз менен алмаштырылсын;

3) расмий тилиндеги 12.1 пункттун 4-абзацы алып салынсын;

4) 16-пункттун 2-абзацы «фракциялар» деген сөздөрдөн кийин «же 5 депутаттан турган топ» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 16-пункттун 3-абзацы «фракциялары» деген сөздөн кийин «же 5 депутаттан турган топ» деген сөздөр менен толукталсын;

6) 1-параграфтын 4-главасынын 16-пунктунан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункту менен толукталсын:

«16-1. Шаардык кеңештин төрагасын чакыртып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте өткөрүлөт.»;

7) 26-пункттагы «фракцияларынын» деген сөз «төрагасынын» деген сөз менен алмаштырылсын;

8) 28-пункттагы «бир орун басар» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

9) 28-пункттагы «ээлейт» деген сөз «ээлешет» деген сөз менен алмаштырылсын;

10) 28-1-пункт алып салынсын;

11) расмий тилиндеги 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«30. Заместители председателя городского кенеша:

  1. в отсутствие председателя городского кенеша выполняют его функции;
  2. осуществляют взаимодействие с фракциями, постоянными комиссиями;
  3. осуществляют взаимодействие городского кенеша с международными организациями, государственными и муниципальными органами;
  4. по поручению председателя городского кенеша ведут сессию городского кенеша;
  5. выполняют иные поручения председателя городского кенеша.»;

12) 31 жана 32-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басар» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

13) 34-пункт алып салынсын;

14) 35 жана 40-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басар» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

15) 38-пункттун 2-абзацынан «, регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан башка» деген сөздөр алып салынсын;

16) 38-пункттун 3-абзацы «депутаттардын саны» деген сөздөрдөн кийин «регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясын кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.

17) 41-пункт алып салынсын;

18) 41-1 пункттун 1-абзацы «анын курамына» деген сөздөрдөн кийин «фракциянын чечими боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

19) 52-пункттагы «кеңеш берүүчү добуш укугу менен» деген сөздөр алып салынсын;

20) 56-пункттун 9-пунктчасындагы «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

21) 57-1-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «орун басары» деген сөз «орун басарларынын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

22) 57-1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

23) 68-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

«10) сессиянын ишинин датасын жана убактысын бекитет.»;

24) 69-пункттун 2-абзацындагы «орун басары» деген сөз «орун басарлардын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

25) 69-пункттун 3-абзацындагы «орун басарларынын катышуусу укук ченемдүү» деген сөздөр «орун басарларынын биринин катышуусуна жол берилет. Орун басардын президиумдун жыйынына катышуусу тууралуу маселе фракция лидеринин, же туруктуу комиссиянын төрагасынын президиумдун жыйынына чейин эки күндөн кем эмес мурда берилген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чечилет.» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

26) 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-абзац менен толукталсын:

«Шаардык кеңешинин төрагасы, ал жок учурда президиумду алып барууга укуктуу орун басарын дайындайт.»;

27) 106-пунктту 16-пунктчасынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы              16-1-пунктча менен толукталсын:

«16-1) шаардын аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыгынын ставкаларын белгилөө;»;

28) 114-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«114. Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссияларынын төрт жана андан ашык жыйындарына жүйөлүү себепсиз келбеген, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.

Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессияга бир жылдын ичинде төрттөн ашык жүйөлүү себепсиз катышпаган депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.»;

29) 116-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«116. Шаардык кеңештин сессиясынын ар бир бир жарым сааттык ишинен кийин 20 мүнөткө тыныгуу жарыяланат. Түшкү тамактанууга тыныгуу – 1 саат.»;

30) 121-пункттун 1-абзацындагы «жок болгондо» деген сөздөрдөн кийин «, шаардык кеңештин төрагасынын чечими менен аныкталуучу» деген сөздөр менен толукталсын;

31) 121-пункттун 3-абзацындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басары» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

32) 124-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:

«Киргизилген түзөтүүлөр шаардык кеңештин сессиясынын жыйынынан кийин эки жумуш күндүн ичинде шаардык кеңештин аппаратына жазуу түрүндө берилет.»;

33) расмий тилдеги 124-пункттун 9-пунктчасындагы «аппарат» деген сөз «аппарата» деген сөз менен алмаштырылсын;

34) 133-пункттагы «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;

35) 140-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

«3) кворум – шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышуусу.»;

36) 164-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-абзац менен толукталсын:

«Сессияларда сүрөткө жана видеого тартууну Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлери жана ар бир фракциядан бирден тарта турган адис жүргүзөт.»;

37) 166-пункт алып салынсын;

38) 213-пункттагы «бир айдан кем аз болбойт» деген сөздөр «он беш календардык күндөн кем эмес убакытты түзөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

39) 287-пункт «бул» деген сөздөн кийин «алдын ала, же шаардык кеңештин сессиясында жарыяланган» деген сөздөр менен толукталсын;

40) 301-пункттагы «Фракция катчыларынан тышкары,» деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                              Б. Усеналиев

Опубликовано 23.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 56

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40

«Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

         Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого ылайык,
Бишкек шаардык кеңеши

 

                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-тиркеме жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ушул токтомдогу тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                           Б. Усеналиев

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2025-жылдын 7- октябрындагы

№ 56 токтомуна тиркеме

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2017-жылдын 29-ноябрындагы

№ 40 токтомуна

2-тиркеме

 

 

Кызматтык милдеттерди аткарууда социалдык кызматкерлерге бекер берилүүчү атайын кийим, бут кийим жана инвентарь берүүнүн
ТИЗМЕГИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ

 

Кызмат орду

Атайын кийимдин, бут кийимдин жана инвентардын аталышы

Чен бирдиги

Адамга болгон ченем

Пайдалануу мөөнөтү, жылдарда

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкери

Жаз, күз мезгилинде кийилүүчү куртка (плащ)

даана

1

3

Жылуу куртка

даана

1

3

Жилет

даана

1

2

Кышкы, жылууланган бут кийим

жуп

1

2

Жаз, күз мезгилинде кийилүүчү бут кийим

жуп

1

2

Кол кап (мээлей)

жуп

1

2

Үйдө тейлөө боюнча социалдык кызматкерлер үчүн кошумча (карылар жана майыптар)

Чарбалык баштык

даана

1

1

Сүлгү

даана

2

1

Ысык тамак жеткирүү үчүн идиш-аяк

даана

бир клиентке
2

1

Сфигмоманометр

даана

1

2

Дары-дармек кутучасы

даана

1

1

                                                                                                                                                    

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси                                            И. Аденов

Опубликовано 22.10.2025г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 60

 

 

 

Автотранспорт каражаттарын жана кычкылтек

концентраторлорун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Азыркы учурдагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Автотранспорт каражаттарын жана кычкылтек концентраторлорун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.16kb)