Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

08.05.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 25-апрель № 127

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 «Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) токтомдун аталышында «макулдашууну» деген сөз «макулдашуунун долбоорун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 1-пунктта «тиркелүүчү макулдашуу» деген сөздөр «тиркелүүчү макулдашуунун долбоору» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) төмөнкүдөй мазмундагы 1¹-пункт менен толукталсын:

«1¹..Бишкек шаарынын мэрине принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелүүчү макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.»;

4)  жогоруда аталган токтом менен жактырылган Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы макулдашууда:

а) 1.1.-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарынын ИИББсынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жана ремонт иштерине каражаттарды карайт.”.

б) бардык  текст боюнча «2023» деген цифралар «2024» деген цифраларга алмаштырылсын;

в)  5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«5.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 (үч) жылдын ичинде колдонулат.».

2. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                К. Конгантиев

 

30.04.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 126

Газпром Кыргызстан мектеби” коммерциялык эмес уюму коомдук фондуна мүлктүк комплексти акысыз негизде пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө 2012-жылдын 5-апрелиндеги макулдашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-январындагы № 5 мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы жалпы билим берүү уюмунун иш-аракетинин шарттары жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-статьясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

“Газпром Кыргызстан мектеби” коомдук фондуна Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 23/11 дарегинде жайгашкан, жанаша жайгашкан аймагы менен мүлктүк комплексти, аны жайгаштыруу жана кийинки  узартуу укугу менен 20 жылга  акысыз пайдалануу мөөнөтү менен  ишмердигин камсыздоо үчүн берсин;

“Газпром Кыргызстан Мектеби” Коомдук фонду  менен келишимге кол коюуда Коомдук фондду  ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды,  социалдык корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуудагы көрүнүктүү жетишкендиктери менен балдарды акысыз окутууга кабыл алууну милдеттендирүүчү пункт каралсын, ошондой эле  алардын саны Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн окуучулардын факт боюнча санынан 19 пайыздан кем эмес белгиленсин;

ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн жана Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №60 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешине өздөрүнүн сунуштарын киргизсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                              К. Конгантиев

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 123

Автобекет уюштуруу үчүн мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Эл аралык жана шаар аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик менчикте турган төмөнкү автобекеттерди уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206-01, аянты 3287,08 чарчы метр кампа жайлары бар административдик имарат жана идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206, аянты 0,925 га жанаша жайгашкан жер участогу;

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0246, аянты 2,751 га жер участогу;

Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0285, аянты 1,643341 га жер участогу.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                              К. Конгантиев

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 125

Светофордук объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттар системасын пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-, 6-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-, 34- жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Светофордук объекттерди “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынан Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

светофордук объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте светофордук объекттердин андан ары иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев

30.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 122

Трансформатордук көмөк чордон куруу үчүн жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасын энергетикалык кризистен чыгарууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Бишкек шаарынын калкынын электр менен жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы         № 378 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 ПЖ “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 30-январындагы № 02-4/769 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Трансформатордук көмөк чордон куруу үчүн Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-06-0035-0763, жалпы аянты 0,32 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ээликтен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы                                                                              К. Конгантиев