Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор тутумун  башкаруу жана иштетүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык  акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө “Бишкек токтомолор жана унаа туруктар” муниципалдык ишканасынан Бишкек шаарынын бюджетине түшүүчү каражаттар боюнча болжол планды Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;

 өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

  1. Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында жол боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоорун ишке ашырганга чейин иштейт.

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы                                                                       Ж. Б. Абиров

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидеринин катын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын курамынан  чыгарылсын жана муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
  2.  Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

        4-пункт төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: “Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич - “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү”;

 5-пункттун 9-сабы алынып салынсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                  Ж. Б. Абиров      

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 04-1/52-18597 корутундусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда жайгашкан “Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек квартиралык-эксплуатациялык бөлүгү” мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жалпы аянты 82 чарчы метр болгон жер участокту канализациялык насос станциясын куруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокту кабыл алуу боюнча чара көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле 2019-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2019-жыл үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын отчету канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

балдардын тамактануусун өз убагында жана сапаттуу уюштуруу боюнча  көйгөйдү чечүү максатында, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү процедурасы жана тамактанууну уюштуруу менен алектене турган тамактануу жаатындагы тийиштүү адистерди (технологдор, медициналык кызматкерлер жана башка адистер) тартуу менен,  адистештирилген түзүмдүк бөлүмдү (мекеме, ишкана же бөлүм) түзүү жолу менен Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак уюштуруу тутумун өзгөртүү боюнча сунуш киргизсин;

билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү уюмдарынын иши үчүн контролду күчөтсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын 2019-жылдын 11-октябрындагы №1 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ч. Түлөбердиев – Кокчетав - Көк-Сай көчөлөрүнүн - ЧЧКнын чектеринде жайгашкан Бишкек шаарындагы сейилбакка Чолпонбай Түлөбердиевдин аты тиркелген чиймеге ылайык ыйгарылсын.

2. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                    Ж. Б. Абиров

Тиркеме