Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин

сыйлыктары жөнүндө                

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгегин  сыйлоо, моралдык жактан стимулдаштыруу максатында,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, билим берүү, саламаттык сактоо жаатында, мамлекеттик, коомдук жана Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигинин башка  чөйрөлөрүндө сиңген  көрүнүктүү эмгеги үчүн,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү сыйлыктары бекитилсин:

а) Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси;

б) аты жазылган алтын саат (эркектердин, аялдардын).

 

  1. Төмөнкү тартип бекитилсин:

а) Бишкек шаардык кеңештин  күмүш төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө (1-тиркеме);

б) аты жазылган алтын сааты менен (эркектердин, аялдардын) сыйлоо жөнүндө (2-тиркеме).

  1. Сыйлоо барагынын формасы бекитилсин (3-тиркеме).

 

  1. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                        М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-декабрь  2013-жыл, №61

                                                                  Бишкек шаардык кеңештин

                                                                 2013-жылдын 25-декабрындагы

                                                                 № 61 токтомуна 1-тиркеме

Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси

менен сыйлоо тартиби

 

  1. Бул тартип  Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси

менен шаардыктарды сыйлоону тартипке келтирүү максатында  иштелип чыкты.

  1. Сыйлыктын мүнөздөмөсү:

а)  толук аталышы: “Бишкек шаардык кеңештин төш белгиси”;

б) сыйлыктын баяндап жазылышы: белги күмүштөн жасалган. Белгинин бет жагында- Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү сүрөттөлүүсү жана  алдында “Бишкек шаардык кеңеш” деп жазылган. Белгинин арткы бетинде  катар номуру жана даярдоочу устакананын эн тамгасы чегилип жазылган.

3. Төмөнкүлөр үчүн Бишкек шаардык кеңештин төш белгиси менен сыйланышат:

а) мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, шаардык коомчулукту, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун, мамлекеттик курулушту, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдө кошкон өзгөчө салымы үчүн;

б) Бишкек шаарынын эл аралык парламенттик байланыштарды өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн.

 Ар бир төш белги күбөлүктүн тиркемеси менен атайын кутуда салынат.

4. Бишкек шаардык кеңештин төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин фракциялары тарабынан берилет.

5. Бишкек шаардык кеңештин төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө чечим комиссия тарабынан кабыл алынат.

6.  Сыйлыктын ар бир субъектине сыйлоо барагы толтурулат.

7. Тартип жазасы бар кызматкерлерге, аны белгиленген тартипте алып салганга чейин сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

8. Сыйлоого көрсөтүлүүчү адамга сыйлоо барагы  анын иштеген орду боюнча толтурулат. Уюмдун жетекчисине сыйлоо барагы - жогору турган уюм тарабынан толтурулуп, анын жетекчиси тарабынан кол коюлат. Коомдук ишмердик үчүн сыйлоо барак тийиштүү райондун администрациясы же Бишкек шаардык кеңеш тарабынан толтурулат.

9. Бишкек шаардык кеңештин төш белгиси бир жолу тапшырылат.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов

                                                                  Бишкек шаардык кеңештин

                                                                 2013-жылдын 25-декабрындагы

                                                                 № 61 токтомуна 2-тиркеме

Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты менен (эркектердин, аялдардын) сыйлоо тартиби

  1. Бул тартип Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын) менен сыйлоону тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.
  2.  Сыйлыктын мүнөздөмөсү:

а)  толук аталышы: “Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын)”;

б) сыйлыктын баяндалып жазылышы: саат (эркектердин, аялдардын) алтындан жасалган. Циферблатта “Бишкек шаардык кеңеш” деп жазылган. Сааттын арткы бетинде  катар номуру жана даярдоочу устакананын эн тамгасы чегилип жазылган.

3.  Төмөнкүлөр үчүн Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын) менен сыйланышат:

а) Бишкек шаарын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкон Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, министрликтердин, ведомстволордун, бийликтин башка органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандуулугу жок адамдар;

б) Бишкек шаарынын эл аралык парламенттик байланыштарды өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн.

 Ар бир аты жазылган алтын саат (эркектердин, аялдардын) күбөлүктүн тиркемеси менен кутуда салынат.

4. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын) менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин фракциялары тарабынан берилет.

5. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын) менен сыйлоо жөнүндө чечим комиссия тарабынан кабыл алынат.

6.  Сыйлыктын ар бир субъектине сыйлоо барагы толтурулат.

7. Сыйлоого көрсөтүлүүчү адамга сыйлоо барагы  анын иштеген орду боюнча толтурулат. Уюмдун жетекчисине сыйлоо барагы - жогору турган уюм тарабынан толтурулуп, анын жетекчиси тарабынан кол коюлат. Коомдук ишмердик үчүн сыйлоо барак тийиштүү райондун администрациясы же Бишкек шаардык кеңеш тарабынан толтурулат.

8. Сыйлоо баракта баяндалган сыйлыктын субъектинин мүнөздөмөсү анын коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук, өндүрүштүк, кызматтык жана башка иш чөйрөсүндөгү конкреттүү эмгектеринин объективдүү  жана ар тараптуу баасын камтуусу, ошондой эле, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган новатордук ишмердиги абдан конкреттүү чагылдырылуусу тийиш.

9.  Тартип жазасы бар кызматкерлерге, аны белгиленген тартипте алып салганга чейин сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.

10. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган алтын сааты (эркектердин, аялдардын) бир жолу тапшырылат.

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

                                                                       2013-жылдын 25-декабрындагы

                                                                       № 61 токтомуна 3-тиркеме

                                      СЫЙЛОО БАРАГЫ

  1. Аты-жөнү_________________________________________________

________________________________________________________

  1. Иштеген орду, кызматы ___________________________________

________________________________________________________

  1. Туулган жылы, күнү, айы___________________________________
  2. Жарандыгы ______________________________________________
  3. Үй дареги жана телефону __________________________________
  4. Жалпы иш стажы _________________________________________
  5.  Сыйланууга көрсөтүлүп жаткан адамдын өзгөчө сиңирген эмгектери, кыскача мүнөздөмө____________________________________

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

 ___________________________________________________ талапкерлиги

                                               (аты-жөнү)

_________________________________________________________ (ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы, талкуулоо датасы, протокол номуру)

__________________________________________________________ жыйыны (кеңеши, башкармалык)  тарабынан ­­­­­­­_____________________

____________________________________________________________

                                   (сыйлыктын түрү)

    сыйлыгына көрсөтүү үчүн ____________________________________

     

    сунушталды.

 

   Ишкананын, мекеменин,

   уюмдун жетекчиси                      ______________    __________________

                                                              (колу)                     (аты-жөнү)

 

  М.О.

  2013-жылдын “___” ___________

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов