Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин
2020-жылдын  30-июну № 156

ТОКТОМУ

Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүүпүүүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57 – беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2020 – жылдын 8 - июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020 – жылдын 21 - майындагы № 08-1-2/470 катын эске алып, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттен 744 000 000  (жети жүз кырк төрт миллион) сом суммада бюджеттик ссуда тартууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багытоо боюнча - Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек жана өргүү акы төлөөгө багыттасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен келишим түзүү боюнча тийиштүү жол - жоболорду жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акыларын төлөөгө чыгымдарды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен каржылоого этап-этабы менен которуу боюнча жумушчу топ түзүп, которуу мөөнөттөрүн белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын жыйындарынын 2016-жылдын   26-майындагы  № 1, 2018-жылдын 1-февралындагы № 1, 2019-жылдын 10-октябрындагы № 1, 2020-жылдын 14-февралындагы № 1 протоколдорун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөргө төмөнкү аталыштар ыйгарылсын:

1-тиркемеге ылайык схема боюнча “Ак-Босого” конушундагы көчөлөргө: Чүй 7, Чүй 18, Чүй 20, Чүй 21, Чүй 36;

2-тиркемеге ылайык схема боюнча “Аска-Таш”, “Керемет” конуштарында Мессарош – Профсоюз көчөлөрүнүн чектериндеги көчөлөргө: Кронштадтская, Керемет-2, Керемет-3, Керемет-4, Керемет-5, Аска-Таш-3 туюк көчөсү;

3-тиркемеге ылайык схема боюнча “Достук” кичирайонундагы көчөлөргө: Достук-1, Достук-2, Достук-3, Достук-4;

4-тиркемеге ылайык схема боюнча Профсоюз – Патрис Лумумба көчөлөрүнүн чектериндеги көчөлөргө: Ак эмгек, Ак пейил, Ийгилик, Насип, Кеменгер, Кадырман, Даанышман, Делбирим, Кылым, Ак жаан, Гүлсарат, Ботогөз, Күмүшбек Сейдесановдун аты;

5-тиркемеге ылайык схема боюнча Боталиев – Щербаков көчөлөрүнүн  чектериндеги көчөлөргө: Дөөлөт, Санат, Керээз, Ак жалга, Жаш муун, Инсан, Шоола, Аалам, Алтын бак, Умай Эне, Улукман, Залкар, Манас туюк көчөсү;

6-тиркемеге ылайык схема боюнча Дачная – Фере көчөлөрүнүн чектериндеги көчөлөргө: Тогуз коргоол, Салбуурун, Нукура;

7-тиркемеге ылайык схема боюнча Древесная – Осмонкул көчөлөрүнүн – Аламүдүн суусунун чектериндеги көчөлөргө: Кирпичная, Акыйкат;

8-тиркемеге ылайык схема боюнча Новосельская – Керамическая  көчөлөрүнүн  чектериндеги көчөлөргө: Обон, Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго, Көөкөр, Оймок, Зергер;

9-тиркемеге ылайык схема боюнча “Дордой” конушундагы көчөнү: Дордой-Аул-1;

10-тиркемеге ылайык схема боюнча “Ак-Тилек-2” конушундагы көчөлөргө: Ак-Тилек 2-3, Ак-Тилек 2-5, Ак-Тилек 2-6, Ак-Тилек 2-7, Ак-Тилек 2-8;

11-тиркемеге ылайык схема боюнча “Ак-Өргө” конушундагы Ашар көчөсүнүн чектериндеги көчөлөргө: Ашар, Ак-Шоокум, Ашар туюк көчөлөрү;

12, 13, 14, 15-тиркемеге ылайык схема боюнча “Арча-Бешик” конушундагы № 35, № 34, № 33, № 32 кичирайондордун көчөлөрүнө: Асылкеч, Азем, Ы. Абдрахманов, Ы. Абдрахманов-1, Ы. Абдрахманов-2, Ы. Абдрахманов туюк көчөсү, Аскарбек Мамеевдин, Жусуп Мамайдын аттары;

16-тиркемеге ылайык схема боюнча “Жал-30” кичирайонундагы көчөгө Карпек Курмановдун аты;

17-тиркемеге ылайык схема боюнча Аалы Токомбаев проспектинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки түштүк-чыгыш пландоо районундагы көчөгө: Арстанбек Дуйшеевдин аты;

18-тиркемеге ылайык схема боюнча Аалы Токомбаев проспектинен түштүк-чыгыш пландоо районундагы түштүк багыттагы көчөгө:  Калый Молдобасановдун аты;

19-тиркемеге ылайык схема боюнча 5-кичирайондогу көчөгө: Александр Железновдун аты.

2. 20-тиркемеге ылайык схема боюнча Ч. Айтматов проспектинен “Аэрофлот” агенттигинин имаратына чейинки аллеяга “Кыргызстан     авиациясына даңк аллеясы” аталышы ыйгарылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн көчөлөрдү атоо менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө финансылык каражаттарды  Бишкек шаарынын бюджетинен карасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аншлагдарды орнотуу боюнча ишти жүргүзсүн.

4. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу жана инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                             Ж. Б. Абиров

Тиркеме:

- 12, 13, 14 жана 15-схемалардын бирдиктүү схемасы

Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды таратуу, жайгаштыруу маселелери боюнча мамилелерин регламенттөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелери, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

үч айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирин талдап чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

         Бишкек шаарынын аймагында орнотулган сырткы жарнаманын жана жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрине киргизүү боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн.

         3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 261 «Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнаманы, ошондой эле сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу жана күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

          4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

          5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолор тутумун  башкаруу жана иштетүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык  акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө “Бишкек токтомолор жана унаа туруктар” муниципалдык ишканасынан Бишкек шаарынын бюджетине түшүүчү каражаттар боюнча болжол планды Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;

 өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

  1. Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында жол боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоорун ишке ашырганга чейин иштейт.

 4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы                                                                       Ж. Б. Абиров