Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын

28-ноябрындагы №266 “Бишкек шаарынын

күнү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 “Бишкек шаарынын күнү жөнүндө” токтомунун 1-пункту төмөнкү  редакцияда берилсин: “1. Бишкек шаарынын күнүн майрамдоо күнү болуп 2014-жылдын сентябрь айынын акыркы ишемби күнү белгиленсин”.
  2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын туулган так күнүн  аныктоо боюнча комиссия түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуш киргизүү тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко)  жана  Бишкек  шаарынын  вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.

Төрага                                                                              М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

18-февраль 2014-жыл, №73