Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын күнүн жана убактысын 2026-жылдын 31-мартына саат 10:00гө белгиледи. Сессия Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 166 дарегинде жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт.
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин 8-март – Эл аралык айымдардын күнү менен куттуктоосу.
Бишкекте бюджеттик угуулар өтөт!

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

31.12.2025

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

2025-жыл менен коштошуп, 2026-жылды тосуп алып жатабыз. Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кележаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл шаарыбыз үчүн маанилүү иштердин, өзгөрүүлөрдүн жана ынтымактуу эмгектин жылы болду. Бул жетишкендиктер сиздердин ишенимиңиздердин, колдооңуздардын жана биримдигибиздин жыйынтыгы.

Келе жаткан 2026-жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт, ден соолук жана береке алып келсин. Балдарыбыздын күлкүсү, ата-энелерибиздин батасы ар дайым жан дүйнөбүздү жарык кылып турсун. Бишкек шаарыбыз тынч, коопсуз жана мындан да көрктүү болсун.

         Жаңы жылыңыздар берекелүү, кирешелүү жана жакшылыктарга бай болсун! Өнүккөн, көрктүү жана заманбап Бишкек үчүн бирге эмгектенип, жаркын келечекке биргеликте умтулалы. Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, үй-бүлөлүк жылуулук жана бакубатчылык каалайм. Эң асыл кыялдарыңыздар орундалып, жаңы жылдын ар бир күнү жарыкка, жакшы кабарларга жана жылмаюуларга толсун. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өсүү болсун.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу шаардыктар!

Бүгүн, 2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы аяктады

23.12.2025

Сессиянын башында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары — Мамырканов Бекзат Тынчылыкович жана Дунканаев Айбек Медетбекович — салтанаттуу түрдө ант беришти, ошондой эле депутаттык күбөлүктөрү жана значоктору тапшырылды.
Сессия Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын акимдеринин, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Күн тартибине ылайык депутаттар 11 маселени карашты.
Күн тартибине коюлган бардык маселелер колдоого алынды, андан кийин XII сессия өз ишин аяктады.

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 23-декабрына саат 10-00 го белгиледи. Сессия Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт.

18.12.2025

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты.
Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлык тапшырды

21.11.2025

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана борбор шаардын өнүгүүсүнө кошкон жеке салымына терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон кызматкерлер Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары жана «Патриот» белгиси менен сыйланышты.

БШКнын токтомдору

Урматтуу жарандар!

Бишкек шаарынын коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Бишкек шаарынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча маалымат берет:

  • Аскаров  Алик Бакеевич - “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору”;
  • Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Досиев Эдик Шарипович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Чепеев Калыбек  Чепеевич – Бишкек шаардык кеңешинин  XXV, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Абдиев  Бактыбек Кемелович - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер”, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
  • Досалиев Эльмир Акуналыевич- Бишкек шаардык кеңешинини XXVII, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Маматалиев Абдырахман  Мадакимович - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси”;
  • Исаков  Марат  Абдымажимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
  • Рыскулов  Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин  XXIV чакырылышынын депутаты, “Бажы кызматынын чыгааны”; ;
  • Давлянов  Дамирбек  Тайырбекович – милициянын полковниги,”Мыкты кызматкер”,  укук коргоо органынын пенсионери;
  • Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын Эл акыны;
  • Сырдыбаев  Улан  Муратбаевич -  «Нурсан» ЖЧКнын башкы директору.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына талапкерлер боюнча өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаары, Чүй пр., 166 дарек боюнча жөнөтүңүз.