Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

soprov kg

   Долбоор

   Бишкек шаарынын мэриясы

   2026-жылдын «__»_______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

«Тазалык» муниципалдык ишканасына түшпөй калган кирешелерди компенсациялоого субсидия бөлүп берүү жөнүндө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуунун натыйжасында келип чыккан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын түшпөй калган кирешелерин компенсациялоо Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттарынын эсебинен тийиштүү тарифтердин колдонуу мезгилине субсидия түрүндө жүзөгө ашырылат жана калк үчүн бекитилген тариф менен пенсионерлер үчүн иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар боюнча жеңилдетилген тарифин ортосунда айырма катары аныкталат деп белгиленсин.

2. Бишкек шаарынын бюджетинен «Тазалык» муниципалдык ишканасына түшпөй калган кирешелерди компенсациялоого субсидияларды бөлүп берүү тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

«Тазалык» муниципалдык ишканасына 2026-жылдын 1-январынан тартып субсидияларды белгиленген тартипте бөлүп берүүнү камсыз кылсын;

- «Тазалык» муниципалдык ишканасына субсидия түрүндө түшпөй калган кирешелерди компенсациялоого Бишкек шаарынын бюджетиндеги каражаттарды алдын ала карасын.

4. Ушул токтом белгиленген тартипте катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме  (docx.22kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.26kb)

Жобо (docx.31)

Финансылык корутунду (pdf. 421kb)

Юридикалык корутунду (pdf .366kb)