Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын күнүн жана убактысын 2026-жылдын 31-мартына саат 10:00гө белгиледи. Сессия Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 166 дарегинде жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт.
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Нооруз майрамы менен куттуктоосу
Бишкек шаардык кеңешинин Төрагасы Бекжан Усеналиевдин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин 8-март – Эл аралык айымдардын күнү менен куттуктоосу.
Бишкекте бюджеттик угуулар өтөт!

Жаңылыктар

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

31.12.2025

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

2025-жыл менен коштошуп, 2026-жылды тосуп алып жатабыз. Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кележаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл шаарыбыз үчүн маанилүү иштердин, өзгөрүүлөрдүн жана ынтымактуу эмгектин жылы болду. Бул жетишкендиктер сиздердин ишенимиңиздердин, колдооңуздардын жана биримдигибиздин жыйынтыгы.

Келе жаткан 2026-жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт, ден соолук жана береке алып келсин. Балдарыбыздын күлкүсү, ата-энелерибиздин батасы ар дайым жан дүйнөбүздү жарык кылып турсун. Бишкек шаарыбыз тынч, коопсуз жана мындан да көрктүү болсун.

         Жаңы жылыңыздар берекелүү, кирешелүү жана жакшылыктарга бай болсун! Өнүккөн, көрктүү жана заманбап Бишкек үчүн бирге эмгектенип, жаркын келечекке биргеликте умтулалы. Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, үй-бүлөлүк жылуулук жана бакубатчылык каалайм. Эң асыл кыялдарыңыздар орундалып, жаңы жылдын ар бир күнү жарыкка, жакшы кабарларга жана жылмаюуларга толсун. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өсүү болсун.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу шаардыктар!

Бүгүн, 2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы аяктады

23.12.2025

Сессиянын башында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары — Мамырканов Бекзат Тынчылыкович жана Дунканаев Айбек Медетбекович — салтанаттуу түрдө ант беришти, ошондой эле депутаттык күбөлүктөрү жана значоктору тапшырылды.
Сессия Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын акимдеринин, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Күн тартибине ылайык депутаттар 11 маселени карашты.
Күн тартибине коюлган бардык маселелер колдоого алынды, андан кийин XII сессия өз ишин аяктады.

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 23-декабрына саат 10-00 го белгиледи. Сессия Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында өтөт.

18.12.2025

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты.
Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлык тапшырды

21.11.2025

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана борбор шаардын өнүгүүсүнө кошкон жеке салымына терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон кызматкерлер Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары жана «Патриот» белгиси менен сыйланышты.

БШКнын токтомдору

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,   Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү менен байланышкан ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана оптималдаштыруу, административдик-уюштуруу процесстерди жакшыртуу, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өз убагында кароону камсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтому менен белгиленген мораторий үч жылдык мөөнөткө узартылсын.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участогуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттагы:

экинчи абзац “муниципалдык менчиктин объекттеринен” деген сөздөрдөн кийин “, банкттык күркөлөрдөн, өзүнчө турган электр генераторлорунан, аялдама комплекстеринен, нан азыктарын сатуу боюнча муниципалдык объекттерден, жарнамалык көрсөткүчтөрдөн» деген сөздөр менен толукталсын, “уюлдук байланыш мунараларын (бийик секилерин)” деген сөздөрдөн кийин “, жарнамалык конструкцияларды, батуттарды” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзац “желимдөөнү” деген сөздөн кийин  “, автотранспорттук каражаттарды сатуу алдында даярдоо пункттарын” деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: «2. Өз алдынча бирдикке бөлүүгө жана кийин тоорукка коюуга тийиш болгон жаңы муниципалдык жер участокторун түзүүгө жана берүүгө бир жылдык мораторий белгиленсин.”;

3-пункттагы:

биринчи жана экинчи абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “3. Ушул токтомдун 1-пункту тарабынан белгиленген мораторий Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээктериндеги муниципалдык менчиктин жерлерин берүүгө таркатылат:”;

үчүнчү абзацта:

бардык текст боюнча “Тынчтык” деген сөз “Чынгыз Айтматов” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Чүй проспекти” деген сөздөрдөн кийин “,.Шабдан Баатыр проспекти” деген сөздөр менен толукталсын;

“Шабдан Баатыр көчөсүнөн” деген сөздөр “7-апрель көчөсүнөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Шабдан Баатыр көчөсү (И. Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине   чейин” деген сөздөр “7-апрель көчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Ж. Турусбеков көчөсү (Чуйков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин” деген сөздөр алып салынсын;

“Ю. Гагарин көчөсү” деген сөздөрдөн кийин “(Чынгыз Айтматов проспектинен Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин)” деген сөздөр менен толукталсын;

“Б. Юнусалиев көчөсүнө чейин” деген сөздөр “7-апрель көчөсүнө чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“, Анкара көчөсү” деген сөздөр “(Шабдан Баатыр проспектинен Токмок көчөсүнө чейин), Сүйөркулов көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин), Михаил Фрунзе көчөсү (Сүйүмбаев көчөсүнөн  Жаш Гвардия бульварына чейин), Нуркамал көчөсү, Айтиев көчөсү, Куттубаев көчөсү, Профсоюз көчөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган уруксат документтери бар болсо, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жеңилдетилген типтеги объекттерге жана башка объекттерге ушул токтомдун күчү таркатылбайт;”.

3. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген үч жылдык мораторий жана 2-пункту менен белгиленген бир жылдык мораторий ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эсептеле тургандыгы аныкталсын.

4. Мораторий төмөнкүлөргө муниципалдык жер участокторду берүүгө таркатылбастыгы белгиленсин:

- мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга;

- мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мамлекеттик үлүштө катышкан чарба жүргүзүүчү коомдорго;

- газ-, энергия-, суу- жана жылуулук менен жабдуу объекттери үчүн чарба жүргүзүүчү коомдорго.

5. Бишкек шаарынын мэриясы:

2019-жылдын 6 айынын ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго укуктарды берүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзсүн, ачык-айкын процесстерди түзүү максатында башкаруу тутумун кайра карасын жана Бишкек шаардык кеңешке сунуштарды киргизсин;

Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн  жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзсүн жана тийиштүү чараларды көрсүн;

жерлерди ижаралоо боюнча болгон дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча белгиленген тартипте чара көрсүн.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                           Ж. Б. Абиров