
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2026-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин
2025-жылдын 27-мартындагы № 18
«Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик
менчик объекттерин муниципалдык
менчикке кабыл алууга макулдук берүү
жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын
Бишкек шаарынын мэриясына
өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №.18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин
2-пункта «бир жылдын ичинде» деген сөздөр «эки жылдын ичинде» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын мэрине жана муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген мэрдин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)
Салыштырма таблица (docx.24kb)


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

