Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнүнө арналган мамлекеттик тууну көтөрүү ишчарасы салтанаттуу түрдө өттү.

 

Ишчарага Бишкек шаардык кеңештин спикери, депутаттары, шаар мэри, кеңештин жана мэриянын аппараттарынын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мамлекеттик тууну көтөрүү ишчарасынын саясий жана идеологиялык маанисин белгилеп өттү. “Кыргыз Республикасынын туусу – мамлекеттин негизги атрибуттанынын бири болуп эсептелет. Туубузду сыйлаганыбыз, ага аяр мамиле кылганыбыз – бул мамлекетибиздин бекемдигине кам көргөнүбүзгө барабар. Мындай ишчаралар өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке тарбиялап, эл-жерине болгон сүйүүсүн чыңдайт деп ишенем”-деди спикер.

Борбор калаа мэри Албек Ибраимов дагы чогулгандарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады жана ишчаранын маанисине токтолду.

Мамлекеттик тууну көтөрүү мамлекеттик гимн менен коштолду.