Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

14.03.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 113

Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №58 “Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга мораторий 2033-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө белгиленсин.”;

 

2-2.-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Автомобилдик май куюучу станциялар үчүн мораторий менен белгиленген чектерде жайгашкан мурда берилген жер участоктордо төмөнкүлөрдү куруу жана долбоорлоо үчүң гана функционалдык багытын өзгөртүүгө уруксат берилет:

социалдык объекттерди;

гүлбакчаларды, сейилбактарды же жашыл зоналарды;

социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттери менен көп ярустуу токтомолорду жана унаа туруктарды, ошону менен бирге, эксплуатацияга киргизилүүчү аянттардан социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттер 30%дан көп эмес болушу керек.”;

6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.”.

2. Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги №94 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пунктун аткарсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                   К. Конгантиев