Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «___» _______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына техникалык шарттарды алууга тарифтерди жана технологиялык кошуу (кошулуу) үчүн төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 «Ичүүчү суу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү боюнча процесстерди жөнгө салуу, ошондой эле Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошуу жеринде керектүү кубаттуулукту камсыздоо үчүн технологиялык кошууга (кошулууга) төлөмдөрдү белгилөө максатында Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

- өмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошууга техникалык шарттарды алууга тариф 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттер кошулган жерге керектүү кубаттуулук менен камсыздоо үчүн технологиялык кошуу (кошулуу) үчүн төлөмдүн өлчөмү 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошууга техникалык шарттарды берүү үчүн эсептелген акча каражаттары «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын (мындан ары - «Бишкексууканал») карамагына келип түшөт.

3. Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди технологиялык кошуу (кошулуу) (мындан ары - технологиялык кошуу (кошулуу) үчүн куруучулардан келип түшкөн акча каражаттары «Бишкексууканал» ӨЭБсынын атайын эсебине келип түшөт, суу түтүк жана канализациялык тармактарды, курулмаларды (жаңы суу топтомолорду долбоорлоо жана курууга, колдонулуп жаткан суу топтомолорду реконструкциялоого, насостук-энергетикалык жабдыктарды алмаштырууга) комплекстик өнүктүрүүгө, «Бишкексууканал» ӨЭБсынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана кеңейтүүгө, инвестициялык программалардын жана долбоорлордун алкагында берилген финансылык каражаттарды жабууга багытталат.

4. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошууга техникалык шарттарды алуу жөнүндө суроо-талапты долбоорлоочу тарабынан аткарылган жүктөмдөрдүн эсеби менен «Бишкексууканал» ӨЭБсына жөнөтсүн.

Объекттин суу менен жабдуу жана сууну агызып чыгаруу боюнча суралган жүктөмдөрдүн аныктыгы үчүн жоопкерчиликти долбоорлоочу алат.

Турак жай имараттарын суу менен жабдуу жана сууну агызып чыгаруунун жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге турак жайдын жалпы аянтынын 20 чарчы метрден көп эмес ченемден жана батирдик (үйлүк) ысык сууну даярдоону эсепке алуу менен бир кишиге муздак сууну керектөөсүнүн ченеминин натыйжасында жүргүзүлсүн:

  • 225 л/суткасына-жеке менчик турак үйлөр үчүн;
  • 300 л/суткасына-12 кабатка чейинки бийиктиктеги турак үйлөр үчүн;
  • 400 л/суткасына-12 кабат жана андан жогорку бийиктиктеги турак үйлөр үчүн.

Турак үйдө долбоорлонгон турак эмес жайлар (турак үйдүн турак эмес жайлары, коммерциялык жана коммерциялык эмес түзүмдөр), ошондой эле туруктуу жашоо үчүн пайдаланбаган ар кандай функционалдык багыттагы өзүнчө турган объекттер үчүн курулуш ченемдери жана эрежелеринин жоболорунан келип чыккан суу менен жабдуу жана сууну агызып чыгаруунунченемдери колдонулат.

         5. «Бишкексууканал» ӨЭБи:

         1) техникалык шарттардын долбоорун даярдоодо Бишкек шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттер кошулган жерге керектүү кубаттуулук менен камсыздоо максатында технологиялык кошууга (кошулуу) келишимди тариздесин;

         2) долбоорлонгон көп батирлүү турак үйдү,  көп функциялуу комплексти же социалдык объектти технологиялык кошууга (кошулуу) келишимди түзүүдө куруучунун арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча келишимге төлөмдү киргизүүнүн шарттарын аныктасын.

Технологиялык кошуу (кошулуу) үчүн этап-этабы менен төлөөдө:

- төлөөгө коюлган сумманын 20% (пайызынан) кем эмес өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү технологиялык кошууга (кошулуу) келишимди тариздөөдө тапшырыкчы төлөйт;

- 50% өлчөмүндөгү экинчи төлөмдү объект курулуп жаткан мезгилде суу түтүк жана канализация тармактарына убактылуу кошулууну тариздегенге чейин тапшырыкчы төлөйт;

- 30% өлчөмүндөгү үчүнчү төлөм ылайык келүү актысын тариздөө жана объектти эксплуатацияга берүү үчүн суу түтүк жана канализациянын курулган тармактарына маалым кат-тастыктаманы тариздөөдө алынат.

Экинчи жана үчүнчү төлөмдөр тапшырыкчынын арызы жана тараптардын макулдашуусу боюнча келишимге ылайык ай сайын төлөнүүгө тийиш;

3) Сууну керектөө жана/же сууну агызып чыгаруунун жүктөмдөрүнүн айырмачылыктары үчүн карыздар жана/же эсептелген кошумча төлөмдөр табылган учурлардан башка суу түтүк жана канализация тармактарына иш жүзүндө кошулгандыгы үчүн төлөм жүргүзүлбөйт;

4) Объекттерди куруу мезгилинде курулуш аянтчаларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн убактылуу кошуу орду аныкталсын;

5) объекттерди туруктуу негизде инженердик тармактарга кошуу куруучу тарабынан суу түтүк-канализациялык тармактарды куруу боюнча бардык иштер бүткөрүлгөндөн кийин жана техникалык шарттар жана технологиялык кошуу (кошулуу) үчүн төлөмдөр бар учурда жүргүзүлөт.

6. Объекттердин долбоорлоочулары, тапшырыкчылары жана ээлери алардын менчик формасына карабастан орнотууну караштырсын:

1) ар кандай багыттагы объекттерге суу- жана энергия үнөмдөөчү жабдыктарды, ошондой эле көрсөткүчтөрдү аралыктан эсептеген суу өлчөгүчтөрдү;

2) сууну көп талап кылган объекттерди (авто жуучу жайлар, транспорт каражаттарын алдын ала сатууга даярдоо пункттары, бассейндер, фонтандар ж.б.у.с.) суу түтүк жана канализациянын шаардык тармактарына кошууда технологиялык максатта суу менен жабдуунун айландыруу системасын.

Сууну керектөө техникалык шарттарды даярдоодо суралган жүктөмдөрдүн чегинде жүргүзүлсүн.

7. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) автотранспортторду, килем буюмдарын жууга жана ушуга окшош максаттарга ичүүчү сууну өзүнүн иш-аракеттеринде пайдаланган объекттер боюнча сууну керектөөнүн лимитин мындан ары көбөйтүүгө укугу жок суткасына 5,0 м3 ашпаган жалпы чарбалык-ичүүчү керектөөлөргө жана технологиялык максатка суу керектөөнүн уруксат берилген көлөмү;

2) технологиялык максатка суу менен жабдуунун айландыруу системасын, ошондой эле  мунай өнүмдөрүнүн, майлардын жана башка кирдетүүчү заттардын шаардык канализацияга түшүшүн алдын алуу максатында автотранспорттордун техникалык тейлөөсүнө, коомдук тамак-ашка жана ушуга окшош объекттерге байланышкан объекттерде агынды сууларды алдын ала тазалоо системасын орнотуу милдеттүү болуп эсептелет.

8. Бардык юридикалык жактарды менчик формасына карабастан суу өлчөгүчтөрдү алмаштырууда механикалык сууну эсепке алуу приборунун ордуна көрсөткүчтөрдү аралыктан эсептеген приборду орнотуу милдеттендирилсин.

9. «Бишкексууканал» ӨЭБсынын жетекчилигине келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана жумшоо үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.

  1. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 «Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошшуга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 «Бишкек шаардык кеңештин Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин технологиялык кошууга төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө» токтому;

3) Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 «Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту ;

4) Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 «Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 «Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун 3-пункту;

5) Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 46 «Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 « Бишкек шаардык кеңештин Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

11. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба жана шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарларына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (docx. 31 kb)
финансылык корутунду (pdf. 271 kb)
юридикалык корутунду (pdf. 297 kb)
расчет (docx. 37 kb)