Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

         Бишкек шаарынын аймагында шаардан тышкары аймактардан келген жүргүнчү транспортунун кыймылын тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун «б» пунктчасында «Чыгыш автобекети;» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын автобекети;» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттун «д» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

- «д) чыгыш багытындагы каттамдардын жүрүү кыймылы - Новопокровка айылынын Ленин көчөсү боюнча (Чүй облусу, Ысык-Ата району) Киргшелк айылынан (Чүй облусу, Ысык-Ата району) бурулуу менен айланып өтүү жолуна карай, түндүк-чыгыш багытындагылар - Ленинское айылынын Алма-Ата көчөсү боюнча (Чүй облусу, Аламүдүн району), түштүк-чыгыш багытындагылар - 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү боюнча;»;

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы ушул токтомдо көрсөтүлгөн шаар көчөлөрү боюнча кыймылды эске алуу менен Бишкек шаарынын четки бөлүгүндөгү шаардан тышкары аймактардан келген каттамдардын жүрүү чиймелерин макулдашууну жүзөгө ашыра тургандыгы;»;

- 4-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын  Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы эки айлык мөөнөттө:»;

 экинчи абзацта «Чыгыш жана Батыш автобекеттерине» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын автобекетине, Батыш автобекетине» деген сөздөргө алмаштырылсын;

 бешинчи абзацта «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы» деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 6-пунктта «(Ж.М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И. Бекбоевге» деген сөздөр «жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт маселелерин жетектекеген орун басарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттасын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (docx. 21 kb)

финансылык корутунду (pdf. 300 kb)

юридикалык корутунду (pdf.310 kb)

салыштырма таблица (doc. 20 kb)