Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

14.03.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 116

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин  2007-жылдын 27-мартындагы №309 “Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө, түз сатуу, аукциондо сатуу, конкурста сатуу методу менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жана  менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштар жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана муниципалдык менчик объекттерин башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 11, 12, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 “Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө, түз сатуу, аукциондо сатуу, конкурста сатуу методу менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жана  менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштар жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы “жана менчиктештирүү объектилеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштар” деген сөздөр алып салынсын;

2) киришме төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 11, 12, 121-статьяларына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын                    27-октябрындагы № 519 “Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:”;

3) төмөнкүлөр мамлекеттик тилдеги текст менен толукталсын:

ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобо;

ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо;

ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо;

ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык конкурста сатуу ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобо;

4) 1-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

5) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.»;

6) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, расмий тилдеги муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«1. Муниципалдык менчикти менчиктештирүү муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына, ушул жобого, муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.»;

б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Менчиктештирүү объекттерин сатуучу болуп ыйгарым укуктуу орган саналат.»;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

«41. Менчиктештирүү объекттеринин наркы ишке тартылган ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте баалоочу уюм же көз карандысыз баалоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат. Баалоочу жүргүзүлүп жаткан баалоонун аныктыгы жана негиздүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат.»;

г) төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:

«42. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө ыйгарым укуктуу орган сатуу баасынан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган өлчөмдө комиссиялык жыйым алат.

Комиссиялык жыйымды төлөө тартиби жана мөөнөтү сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленет.»;

д) 5-пункттагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу» деген сөздөр «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деген сөздөр менен  алмаштырылсын;

е) 6-пунктта:

биринчи абзацтагы «Комитет комиссия түзөт» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органдын чечими менен комиссия түзүлөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизили мүмкүн.»;

үчүнчү абзацтагы «Комитетке» деген сөз «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ж) 7-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Объекттердин (муниципалдык ишканалардын) мүлк комплексинин наркын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу орган баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну тартат.»;

үчүнчү-бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин;

жетинчи абзацтагы «Комитеттин» деген сөз «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

з) 8-пункттун «а» пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«аларды түздөн-түз дайындалышы боюнча пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башка бөлүмдөрүнө, муниципалдык мекемелерге, ишканаларга белгиленген тартипте өткөрүп берилет;»;

и) 14-пунктта «ага» деген сөз «аларга» деген сөзгө алмаштырылсын;

к) 15-пункттун биринчи абзацындагы «муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган башкаруучу менен келишим түзөт» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу орган башкаруучу менен келишим түзөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

л) 17-пунктта:

биринчи абзацтагы «Комитеттин» деген сөз «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен, «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңеши» деген сөздөргө алмаштырылсын;

м) 18-пунктта:

биринчи абзацтагы «Комитет» деген сөз «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөргө алмаштырылсын, «жалпыга маалымдоо каражаттарында» деген сөздөрдөн кийин «жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органынын расмий сайтында» деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацтагы «Комитет» деген сөз «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Тооруктарды өткөрүүгө даярдык көрүү жана алардын жыйынтыктарын чыгаруу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.»;

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

«Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

Комиссия сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Сатуучунун өкүлү Комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.

Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.»;

жетинчи абзацтагы «Комитет тарабынан бекитилген» деген сөздөр «таризделген» деген сөзгө алмаштырылсын;

сегизинчи абзацтагы «Комитет тарабынан бекитилген» деген сөздөр «таризделген» деген сөзгө алмаштырылсын;

тогузунчу абзацтагы «менчиктештирүү боюнча комиссия» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;

н) 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө сатуучунун чечими 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет жана жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол тамга койдуруу менен берилет же тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.»;

о) 20-пункттагы «тоорук өткөрүү жөнүндө протоколду бекитүү» деген сөздөр «тооруктун жыйынтыктары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругун чыгаруу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

п) 21-пункттун үчүнчү абзацындагы «Комитет» деген сөз «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;

р) 22-пункттагы «Комитет» деген сөз «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

с)       23-пункттун экинчи абзацындагы «Комитеттин» деген сөз «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

т)       24-пункттагы «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

у) 25-пункттагы «түшкөн суммасы» деген сөз «түшкөн акча каражаттары» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «Комитети» деген сөз «ыйгарым укуктуу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, расмий тилдеги муниципалдык менчикти тике сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары - Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) чыгат.»;

б) 5-пункттун төртүнчү абзацындагы «түзгөн» деген сөз «түзүүчү» деген сөз менен  алмаштырылсын;

в) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«9. Тике сатуу усулун пайдалануу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн шарттары муниципалдык мүлктүн Сатуучусу тарабынан аныкталат жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын тийиштүү чечими менен бекитилүүгө тийиш.

Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Сатуучунун өкүлү Комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.

Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.»;

г) 14-пункттун төртүнчү абзацындагы «көчүрмөсү» деген сөз «көчүрмөсүн» деген сөз менен алмаштырылсын;

д) 15-пункттун экинчи абзацында «тартипте жана» деген сөздөр «тийиштүү буйрук менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

е)       18-пункттун экинчи абзацындагы «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитети» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ж) 21-пункттун биринчи абзацындагы «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитети» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү макулдугу» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңешинин макулдугу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

з) 22-пункттагы «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитетинин» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

8) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген расмий тилдеги Муниципалдык менчикти аукциондо сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 3-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары – Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) чыгат.»;

экинчи абзацтагы «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«аукционду өткөрүү датасын аныктоо;»;

б) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«6. Аукционду даярдоо жана өткөрүү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат.

Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.»;

в) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«8. Комиссиянын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

муниципалдык мүлк объекттерин сатуу боюнча тооруктарды өткөрүү форматы жөнүндө чечим кабыл алуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукционду даярдоо жана өткөрүү;

өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу.»;

г) 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

д) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«11. Сатуучу аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү электрондук соода аянтчасында «жеке кабинет» аркылуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.

Маалыматтык билдирүү милдеттүү тартипте төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтууга тийиш:

сатуучунун аталышы;

сатуу объектисинин жайгашкан жери;

сатуу объектинин идентификациялык коду жана функционалдык дайындалышы, аянты жана параметрлери (мүнөздөмөсү), сатуу объектисинин техникалык абалы;

электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, датасы, убактысы жана кабыл алуу аяктаган күн;

сатуунун баштапкы баасы;

кепилдик төлөм төгүүнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которулууга тийиш болгон эсептешүү реквизиттери;

сатуу мөөнөтү;

башка маалымат (сатуучунун каалоосу боюнча).»;

е) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«12. Аукцион өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу тартиби, катышуучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.»;

ж) 13-18-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

з) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«19. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол жеңүүчүнүн муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.

Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө Сатуучунун чечими 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен таризделет жана жеңүүчүгө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол тамга койдуруу менен берилет же тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.»;

и) 21-пункттун биринчи абзацындагы «протоколду бекитүүдөн» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органдын буйругу чыккандан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

к) 28-пункттун биринчи абзацындагы «менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган» деген сөздөр «башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

л) жогоруда көрсөтүлгөн жобонун 1, 2, 3-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын;

 

9) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, расмий тилдеги Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 3-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Муниципалдык менчикти сатуучу (мындан ары – Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары-Ыйгарым укуктуу орган) чыгат.»;

экинчи абзацтагы «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр «Бишкек шаардык кеңешинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун төртүнчү абзацындагы «түзгөн» деген сөз «түзүүчү» деген сөз менен алмаштырылсын;

в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«7. Сатуучу менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктоо үчүн баалоочу уюмду же көз карандысыз баалоочуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте тартат жана баалоонун жыйынтыктарынын негизинде конкурста сатуунун баштапкы баасын (мындан ары - сатуунун баштапкы баасы) белгилейт.»;

г) 8-пункттагы «Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын» деген сөздөр «муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

д) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«10. Менчиктештирүү объектисин конкурс боюнча сатуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол - жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия (мындан ары-конкурстук комиссия) түзүлөт.»;

е) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«11. Конкурстук комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Сатуучунун өкүлү Комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.

Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.»;

ж) 44-пункттун үчүнчү абзацындагы «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитети» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев)  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев