Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Сайдахмат Исмаилов, Павел Десятников, Базарбек Абдраев, Мийзамидин Калыков жана Сиябек Абдурахманов, ошондой эле борбор калаанын вице-мэри Геннадий Милицкий, “БЖАТИ” МИсинин директору Бакыт Темикеев жумушчу ишсапар менен “СамАвто” автобус заводунун цехтеринде болуп, анын жетекчилиги менен жолгушту.

Ишканадагы иштердин абалы тууралуу мазмунду пикир алмашуу жүрдү.  Самарканд  автомобиль заводу эксплуатацияга 1999-жылы берилген. Анын ишинин негизги багытын орто жана аз жүк көтөрүүчү жүк ташуучу автомобилдерди жана орто сыйымдуулуктагы автобустарды өндүрүү түзгөн. Завод Өзбекстандын автобуска болгон муктаждыгын камсыздайт. Учурда ишкана Россия жана Кыргызстандын рынокторуна чыкты.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаиловдун ою боюнча, бул ишкананын аты бар жана продукциясы сапаттуу.

Мурдараак борбор калаа депутаттарынын тобу жана муниципалитеттин өкүлдөрү автобус чыгаруу боюнча  россиялык заводдорго мониторинг жүргүзүү максаты менен барып келишкен.

2018-жылы Бишкек мэриясы автопаркын толуктоону пландап жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.