Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңеште балдарга карата жасалып жаткан зомбулук проблемасына арналган жумушчу жыйын болуп өттү. Жыйынга Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, социалдык маселер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Гульнара Молдобаева, жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Алымбек Бактыбеков, Бишкек шаардык ИИББдин, билим берүү жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын өкүлдөрү жана балдарга жардам берүү борборунун адистери катышты.

Жыйындын катышуучулары балдарга жасалып жаткан зомбулук проблемасын козгошуп, балдарга карата болгон жыныстык зомбулук, балдар псхикасына таасир этүүчү факторлор, соцтармактардагы трагедиялык кесепеттерге алып келүүчү оюндар жана балдардын бош убактысын туура уюштуруу  маселелеринин тегерегинде талкуу жүрдү.
Жыйынтыгында депутаттар ыйман, адеп жана маданият жылына карата коомдун маданий жана руханий өнүгүшүнө багытталган 1-июнга чейин өткөрүлүүчү ишчаралардын циклин иштеп чыгууну чечти. Жакынкы аралыкта Бишкек шаардык кеңеш балдарга жасалып жаткан зомбулук проблемасына тиешеси бар жактардын катышуусунда проблеманын негизги жагдайларын  жана иштин кийинки кадамдарын аныктоо үчүн тегерек стол өткөрүүнү пландоодо.