Бүгүн, 2018-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык кеңеш жана Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушунун (Кытай Эл Республикасы) ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүү жөнүндө протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Протокол 2002-жылдын 24-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакын коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге таянуу менен, өз ара түшүнүшүү жана достукту тереңдетүү, ошондой эле байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Кара жыгач токоюнда” аткарылып жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жүрүп жаткан жумуштар жана келечек пландар менен Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрация башчысы Самарбек Болотбеков тааныштырды.
Учурда токойчонун реконструкциясы боюнча иштин бир бөлүгү аяктаган: сыртты жарыктандыруучу светодиоддук чырактары менен 66 түркүк, видеокөзөмөлдөөчү 20 камера, 14 Wi-Fi точка, темир-бетон лотоктор, түтүктөр, арык блоктору орнотулган, 2662 чарчы метр жерде асфальтбетон жабуусу алмаштырылган, 2262 чарчы метр жерде брусчатка төшөлгөн, көлөкө түшүрүүчү чатырчасы бар отургучтар, урналар жана сахнанын металл каркасы даярдалган.
Администрация башчы Самарбек Болотбековдун айтымында жумуштар иштелип чыккан планга ылайык аткарылууда.
Шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев ремонт жасалып жаткан бардык участокторду кыдырып, бактардын, Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн абалын көрүп, токойчодо эс алып жаткан балдар, “Аркан токойго” келген экстримди сүйүүчүлөр менен баарлашып, аларга жайкы эс алуунун көңүлдүү өтүшүн каалады.
Бүгүнкү күндө 1881-жылы А. И. Фетисов тарабынан негизделип, 128,34 га аянтты түзгөн токойчонун 80,0 га аянтында реконструкциялоо иштери жүрүп жатканыдыгын кошумчалап кетүү зарыл. Бардык иштер 30 миллиондон ашык сумманы түзмөкчү.

Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча “Беш-Сары” спорт клубунун биринчилиги үчүн эл аралык турнир болуп өттү. Турнирге Кыргыз Республикасынын жети областынан келген уландар катышты.

Балалык – бул адамдын өмүрүнүн эң сыйкырдуу, эң бактылуу жана эң сүйүктүү мезгили десем туура болор. Эң кубанычтуу жана түйшүксүз учур.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамы менен “Тазалык” МИси жана “Бишкек санитардык полигон” МИсинин ишмердиги менен жерине барып таанышышты.
Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, орун басары Эмил Сыдыков жана “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев борбор калаанын Ю. Фучик атындагы сейилбагын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Ден Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу зонасынын аймагында жакшы эс алууну уюштуруу максатында балдар аянтчасы орнотулат.

Бишкек шаардык кеңештин ар бир саясий фракциясынан депутаттар тобу тиричилик таштандыларды кайра иштетүү процесси менен көрүп таанышуу максатында Рига шаарына жумушчу сапар менен келди.

Бардыгыңыздарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын жүрөгүмдөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин спикери баштаган депутаттардын тобу бак-дарактарды сугаруучу түтүктөрдү куруу жана орнотуунун жүрүшү менен таанышышты.
Бүгүн, 3-майда Дайыр Асанов атындагы сейилбакта 18-Азия оюндары – 2018 Джакарта – Палембанг “Fun Run” балдардын чуркоо боюнча мелдеши болуп өттү.

Бүгүн, 28-апрелде “Ак-Кула” ипподромунда Бишкек шаарынын күнүнө карата спорттук ат оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтүүдө.
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган фестивалдын салтанаттуу ачылышы болду.
162 батирдүү үйдүн ээлерине ачкычтарды Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тапшырды.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россиянын, Белорусиянын, Украинанын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, райондордун башчылары, “Союз Чернобыль” Бишкек шаардык коому жана авариянын жоюучулары.