Бүгүн 2018-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы №150 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна ылайык Бишкек шаардык кеңештин кезексиз 18-сессиясы болду.
Жаңылыктар
Бишкектин Свердлов районунун Токтогул көчөсүндөгү көпүрө аркылуу жаңы кыймыл ачылды.
Бүгүн Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында чоң шахмат тактасы орнотулду.
Бишкек шаардык кеңештин кезексиз сессиясынын жүрүшүндө депутаттык корпус тарабынан каникулдан баш тартуу чечими бир добуштан колдоого ээ болду.
Бүгүн, 13-июлда, Бишкек шаарында түзүлгөн абал боюнча шаардык кеңештин фракция лидерлеринин кайрылуу жасагандыгына байланыштуу Бишкек шаардык кеңештин кезексиз сессиясы өттү.
Бишкек шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын бош орунун Чыңгыз Жумалиев ээледи.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Анатолий Горбунов борбор калаанын 6-кичирайонунда эки балдар аянтчасын орнотту. Эми №33/1, 34/1, 35/1 үйлөрүнүн короолорунда балдар ойноп, жайкы каникул мезгилиндеги бош убактысын көңүлдүү жана пайдалуу өткөрө алышат.

Бүгүн, 2018-жылдын 5-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин кезектеги жеке кабыл алуусу болуп өттү.

2018-жылдын 5-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын 6-кичирайонунун жашоочулары менен жолукту. Жолугушууга шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү да чакырылган.

Бүгүн, 2018-жылдын 3-июлунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аталган кызматтын түзүлгөндүгүнүн 82-жылдыгын белгилешти. Салтанатка Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана төраганын орун басары Эмил Сыдыков катышышты.

Бүгүн, 2018-жылдын 3-июлунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана төраганын орун басары Эмил Сыдыков Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызмат полкунун милиционерлерин кызматтын түзүлгөн күнү менен куттукташты.

Бүгүн, 2018-жылдын 28-июнунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, салт боюнча, жеке кабыл алуу өткөрдү. Бүгүн, ар бейшембидегидей эле, шаар тургундары борбор калаа парламентинин башчысына көйгөйлүү маселелер менен келишкен.

Бүгүн, 2018-жылдын 27-июнунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар медицина чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана алдыдагы иштердин пландарын талкуулашты. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери белгилегендей, борбор калаада бүгүнкү күндө татаал проблемалар көп, аларды чечүүдө системалык жана бирдиктүү мамиле керек.