Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Даниярбек Иманалиев жана Сиябек Макеновдун демилгеси боюнча жана борбордун Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жайгашкан участокту абаттоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар
Бүгүн, 2018-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров биринчи ирет жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.
Спикер шаар тургундары менен жолугуп, алардын пикирлерин, сунуштарын укту. Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жол кооспуздугу, турак жай, коммуналдык чарба жана башка маселелер жөнүндө сөз болду.
Шаар парламентинин башчысы шаар тургундары менен иштөөнүн жаңы форматын киргизүүдө. Ыкчам чечүүнү жана дыкат изилдеп чыгууну талап кылган маселелер боюнча муниципалитеттин тийиштүү кызматтарынын адистеринин катышуусунда жерине барып таанышуу жана андан кийин аны чечүү жүргүзүлмөкчү.
Жолугушууда калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү маселелерине басым жасалды.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун ою боюнча, шаар тургундары менен жолугушуу – шаар бийлиги менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттешүүсүнүн ачык мисалы болуп эсептелет.
“Оберег” реабилитациялык борбору өзүнүн 15 жылдыгын белгиледи. Аталган уюмдун ишмердүүлүгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө жана коррекциялык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абиров жана борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун катышуусу менен жаңы троллейбустардын ишке киргизилишине арналган салтанат өттү.
Бугүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров Кыргыз – Россия Славян Университетинин 25 жылдык мааракесине карата окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИИББинде маалыматтык бөлүктөрдүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналаган ишчара болуп өттү.
Бүгүн, 2018-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаардык кеңештин кезексиз 19-сессиясы болуп өттү.
Туруктуу комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын жана шаардык мэриянын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Шаардык кеңештердин депутаттарынын арасында өткөн кичи футбол боюнча турнир аяктады. Жыл сайын уюштурулуучу мелдеш бул ирет Кара-Көл шаарында өткөрүлдү.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков мектептин директору Светлана Тенизбаеванын жана ата-энелер коомчулугунун окуучулардын жол коопсуздугу кайрылуусу боюнча SOS Герман Гмайнер мектебине барды.


Борбордук шайлоо комиссия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “КСДП” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекитти.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков, регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери – Таалайбек Сариев жана шаардык кеңештин депутаттары –Бактыбек Абдиев, Русланбек Жакышов борборубуздун бир топ билим берүү мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип кыдырышты.

Сиздерди дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн руханий тазалыктын, берилгендиктин жана кечиримдүүлүктүн ыйык майрамы болгон Курман айт менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовду тааныштырды.