Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык кеңештин Президиумунун жыйыны болуп өттү.
Жаңылыктар
.jpg)
Маселени кароодо, Кыргыз Республикасынын «Кылмыш-жаза» кодексинин негизинде иштелип чыккан Бишкек шаардык кеңештин «Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору каралды.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров башында турган Бишкек шаардык кеңештин аппараты белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын, “Эко-сумканын” тең негиздөөчүсү Кызылгүл Каниметованын элесине арналган “Рак оорусуна каршы бирге” кайрымдуулук акциясына катышты.
.jpg)
Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучуларынын жана студенттеринин СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу концертине Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов катышты.
2019-жылдын 4-февралында Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын төрт районунун салык кызматтарынын маалыматы талкууланды.
.jpg)
Ушул жылдан баштап Бишкек шаардык кеӊеш шаардык бюджетти түзүүдө жаӊы форматка өтүүнү чечти.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Апсатар уулу Айжигит № 16 жана № 18 орто мектептерине көмөк көрсөттү.
.jpg)
Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары балдарга сапаттуу жана балансталган тамакты камсыздоо максатында шаардык мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү окуу жайларын кыдырып чыгышты.
25-январда Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров Ленинград блокадасы курчоодон бошотулганынын 75 жылдыгына карата эскерүү-митингине катышты жана Анна Алексеевна Кутановага Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш-белгисин тапшырды.
.jpg)
Бишкек шаардык кеңештин дарегине Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын автобазасынын кызматкерлеринин автобазанын жамаатында түзүлгөн кырдаал жана бул мекеменин жетекчисинин ишине нааразычылыгы жөнүндө бир нече жолку кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Эмил Сыдыковдун, депутат Алмаз Улановдун жана Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаеванын катышуусу менен Автобазага баруу уюштурулган.
Бүгүн БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров Бишкек шаарын мэри Азиз Суракматов менен биргеликте футболчуларды жакшы оюн менен куттуктап, аларга Бишкек шаардык мэриясынын Ыраазычылык каттарын жана Ардак грамоталарын тапшырышты.
Базарбек Абдраевдин төрагалыгынын алдындагы профилдик комиссия “Бишкекасфальтсервис” МИнин 2017-2018-жылдары жана Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2018-жылы аткарылган жумуштар боюнча отчётун угушту.
.jpg)
Бүгүн Эмил Сыдыковдун төралыгынын астында Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму өттү.
Бүгүн, Чынгыз Жумалиевдин төрагалыгы алдында жана БШКнын төрагасы Жаныбек Абировдун катышуусу менен өткөн Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Октябрь районундагы бүтпөй калган оңдоп-түзөө жумуштары жөнүндө маалымат угулду.