Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарындагы “Ден соолук аллеясында” Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата бак-дарактарды отургузуу боюнча “Бардыгына ден соолук!” акциясы өттү.

Жашылдандыруу акциясында 200гө жакын адам катышып, алардын арасында КРнын саламаттыкты сактоо министри, анын орун басары Эркин Чейчебаев дагы катышты. Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы офистин өкүлдөрү, АКШ жана Туркия элчиликтринин өкүлдөрү жана анда иштеген дипломаттар, Бишкек шаарынын мэриясынын жана республикалык ден соолук борборунун кызматкерлери катышышты.

Катышуучулар клён жана ак кайыңдын белгиялык сортунан 40 көчөт, “Глокозум” сортунан клёндун 30 көчөтүн жана ак кайыңдын 10 көчөтүн отурзгузушту.

Көчөттөр Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы офиси тарабынан каржыланган. Ал эми жаңы отургузулган бактардын көчөттөрүн сугаруу жана багуу “Бишкекжашылчарба” МИси тарабынан ишке ашырылат.