Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 9

“Каражыгач токою” сейилбагынын чектери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому тарабынан белгиленген процедураларды ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына бир айлык мөөнөттө “Каражыгач токою” сейилбагынын чектерин аныктоо, бекитүү жана белгиленген тартипте жер участокторунун мунапысынын процедураларын баштоо тапшырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                                Б. Усеналиев

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 8

Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:

Президиумдун төрагасы:

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.

Президиумдун мүчөлөрү:

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары;

Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин “Адилет” фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин «Эл Үмүтү» фракциясынын лидери;

Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук  маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

2. 2021-жылдын 30-июлундагы № 5 «Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө».

3.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек
шаардык кеңешинин төрагасы                                               Б. Усеналиев

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 6

Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»;

2022-жылдын 5- апрелиндагы № 20 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2022-жылдын 29-июнундагы № 43 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2022-жылдын 16-декабрындагы № 59 «Уюштуруу маселелери боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү»;

2023-жылдын 31-январындагы № 64 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 16-мартындагы № 71 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 30-майындагы № 88 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 27-декабрындагы № 97 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө».

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык
Кеңешинин төрагасы                                                                        Б.Усеналиев        

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 7

         Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде менен,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2021-жылдын 30-июлундагы №4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө»;

2022-жылдын 26-майындагы №32 «2021-жылдын 30-июлундагы № 4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө»;

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 59 “Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2023-жылдын  31-январындагы  №65 «2021-жылдын 30-июлундагы   №4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө»;

2023-жылдын 16-мартындагы  № 72  «2021-жылдын 30-июлундагы № 4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө»;

2023-жылдын 25-апрелиндагы № 79  «2021-жылдын 30-июлундагы № 4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө»;

2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 «2021-жылдын 30-июлундагы    №4 «Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө». 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                      Б.Усеналиев

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 5

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы  № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык регламенттин нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1)      1-пункттун 11-подпункту төмөнкү абзац менен толукталсын:

«Фракциялардын коалициясы» (мындан ары – коалиция) коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген жана Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында фракциянын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө жарыялаган фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.»

2) 38 - пунктта:

-     2- абзацта «тийиш» деген сөздөн кийин «регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан башка» деген сөздөр менен толукталсын;  

-   4-абзац төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен алмаштырылсын:

« Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына ар бир фракциядан бирден  депутат кириш керек. » 

3)  42-пунктта:

- тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү  «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «төрагасын жана» деген сөздөрдөн кийин «экиден ашык эмес» деген сөздөр менен толукталсын.

4)  43, 44 пункттарда тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү «орун басарлары»  деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.  Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

          

Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы                                                                                                Б.Усеналиев