Учурда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегациясы Россия элдеринин Ассамблеясы менен кызматташуунун алкагында Россия Федерациясында болууда. Расмий делегациянын курамында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко бар.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Түндүк шайлоо аймагынын майыптарына жардам көрсөттү. Кайрымдуулук акциясы кечээ, 3-декабрга белгиленген Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” кабыл алуу үйүндө жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясы болуп өттү.

Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү концепциясынын долбоорун карап чыкты.

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында “Светлый путь” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан муниципалдык мүлктүн натыйжалуу колдонулбай жаткандыгы талкууланды. Фонд сыйымдуулугу 140 орунга каралган мурдагы бала бакчанын имаратын ээлейт.