Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Москва шаардык Думасынын төрагасы Алексей Шапошников Бишкек шаардык кеңештин жаңы шайланган төрагасы Алмаз Кененбаевди шаардык парламенттин спикерлигине шайлангандыгы менен куттуктады.

Телеграмманын текстинде төмөнкүлөр айтылган: “Сиздин иш тажрыйбаңыз, кесиптик жана жеке сапаттарыңыз мындан ары дагы тайманбаган пландарды жана башталыштарды ишке ашырууга жардам берсин. Москва менен Бишкектин ортосундагы өз ара конструктивдүү кызматташуу уланарына ишенем. Биздин шаарларыбыздын ортосундагы жемиштүү мамилелердин эки борбордун жашоочуларынын келечеги үчүн мындан ары дагы  активдүү өнгүшүнө үмүттөнөм.”  

Бишкек шаардык кеңештин  кезексиз XI сессиясынын жүрүшүндө шаардык кеңештин  төрагасынын орун басары шайланды.

Кенен маалымат...

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңештин  кезексиз XI сессиясында шаардык парламенттин жаңы төрагасы шайланды.  Төрага болуп – КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаев болду.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин  төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, жаңы шайланган төрага Алмаз Кененбаев дагы “КСДП” фракциясынан болгондугуна байланыштуу өз ыйгарым укуктарын өткөзүп берди.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин  көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу 11-декабрда Бишкек шаардык кеңештин  кезексиз XI сессиясынын жүрүшүндө маалым болду.

Кенен маалымат...