Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 18-апрелине саат 09-00 го белгиледи.
Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү. 

Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Болот Ибрагимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышышты. 

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бүгүн, 2025-жылдын 27-мартында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 4 сессиясы болду, анда күн тартибине ылайык маселелер каралды.

Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

Урматтуу борбор калаабыздын тургундары, мекендештер!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди. 

Нооруз майрамы - токчулуктун, ырыскынын, жаңылануунун майрамы!

Байыртадан бул күнү өмүрдөгү жаңы көктөм башат алат! Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, күн түн менен теңелип, табият ойгонот.  

Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. 

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. 

Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!

Урматтоо менен, Бекжан Усеналиев

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 27-мартына саат 09-00 го белгиледи.
Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышышты.
Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 25-мартынын саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.

 

         Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу.

         Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

         Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз,  жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы.

        

         Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65