Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарында бюджеттик угуулар өттү!

Бүгүн, КТУнун «Манас» Маданий борборунда Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтом долбоору боюнча бюджеттик угуулар өттү.
Угууларда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Болот Ибрагимов, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаныбек Абиров, шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана анын орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрү катышты.
 

Бишкек шаарында бюджеттик угуулар өтөт!

2025-жылдын 5-мартында саат 11-00 до Бишкек шаардык кеңешинин «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтом долбоору боюнча бюджеттик угуулар өтөт.

Угуулар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилиги жана Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

Бюджеттик угуулардын максаты – бюджетти түзүүнүн приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берүү, жергиликтүү коомчулуктун пикирлерин эске алуу, 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун угуу жана талкуулоо.

Ушундай иш-чаралар коомчулукту маалымдоо жана бюджет долбоорун карап чыгуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында ар жылы өткөрүлүп турат.

Шаардык бюджеттик угуулар КТУнун «Манас» Маданий борборунда өтөт, дареги: Бишкек шаары, Чынгыз Айтматов проспекти, 198 (китепкана).

Бүгүн, 2025-жылдын 14-февралында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 3 сессиясы болду, анда күн тартибине ылайык маселелер каралды.

Урматтуу жарандар!

Бишкек шаарынын коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Бишкек шаарынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча маалымат берет:

  • Аскаров  Алик Бакеевич - “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору”;
  • Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Досиев Эдик Шарипович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
  • Чепеев Калыбек  Чепеевич – Бишкек шаардык кеңешинин  XXV, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Абдиев  Бактыбек Кемелович - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер”, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
  • Досалиев Эльмир Акуналыевич- Бишкек шаардык кеңешинини XXVII, XXVIII, XXIX  чакырылыштарынын депутаты;
  • Маматалиев Абдырахман  Мадакимович - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси”;
  • Исаков  Марат  Абдымажимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
  • Рыскулов  Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин  XXIV чакырылышынын депутаты, “Бажы кызматынын чыгааны”; ;
  • Давлянов  Дамирбек  Тайырбекович – милициянын полковниги,”Мыкты кызматкер”,  укук коргоо органынын пенсионери;
  • Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын Эл акыны;
  • Сырдыбаев  Улан  Муратбаевич -  «Нурсан» ЖЧКнын башкы директору.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына талапкерлер боюнча өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаары, Чүй пр., 166 дарек боюнча жөнөтүңүз.