Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн шаардык кеӊешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Flowboard” компаниясынын Борбор Азиядагы директору Алайн Белладен мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө компания «Бишкек шаарындагы автоматташтырылган акы төлөнүүчү паркинг» долбоорун сунуштап, анын максаттарына токтолду:

• Бишкек шаарында бирдиктүү унаа токтотуучу жайды уюштуруу;

• шаардын пайдаланылган газдар менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү;

• жол кыймылынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Куванычбек Конгантиев борбор калааны жакшыртууга жана шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздук деңгээлин жогорулатууга багытталган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин белгиледи.