Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бөлүм башчысы:

Бикиев Айдар Эркинович

 

Байланыш маалыматтары:

Чүй пр.:, 166, 2-чи кабат, 217 кб.

Тел: 0 (312) 62 45 35

Бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу:

Эралиева Нургүл Мырсабековна
 

Байланыш маалыматтары:

Чүй пр.:, 166, 2-чи кабат, 211 кб.

Тел: 0 (312) 62 40 63

Аппараттын түзүмү өзүнө аппарат жетекчини, бөлүмдөрдү, техникалык тейлөөчү (ТТП) жана кичи тейлөөчү персоналды (КТП)  камтыйт:
1)    уюштуруу иши жана туруктуу комиссиялар менен иштөө боюнча бөлүм;
2)     укуктук камсыздоо, кадр иши жана контролдоо бөлүмү;
3)     бюджет жана финансы боюнча бөлүм;
4)     ТТП жана КТП.
Аппараттын укуктук статусу, укуктары, милдеттери жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги шаардык кеңештин төрагасы жана ушул жобо тарабынан бекитилүүчү жоболор, кызматтык нускамалар менен аныкталат.
Аппараттын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналат.
Аппараттын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарын жүзөгө ашырат, милдеттерин аткарат жана жоопкерчилик тартат.
Аппараттын бөлүмдөрү тууралуу жоболордун биринчи нускалары кадр иштери боюнча башкы адисте, экинчиси-бөлүмдөрдө сакталат.

Аппараттын  негизги милдеттери болуп ишти  натыйжалуу уюштуруу, укуктук, маалыматтык-аналитикалык, документтик, жана программалык-техникалык камсыздоо болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн аппаратка төмөнкү функциялар жүктөлөт:
1)    шаардык кеңеш тарабынан өткөрүлүүчү сессияларды, президиумдун жыйындарын, туруктуу комиссиялардын, убактылуу комиссиялардын, фракциялардын жыйындарын, бюджеттик угууларды башка иш чараларды даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо;
2)    шаардык кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизилүүчү шаардык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык талдап чыгуу;
3)    токтом долбоорлорун даярдоодо, аларды талкуулоодо, жеткиликтүү иштеп чыгууда жана кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен макулдашууда катышуу, келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди жалпылоо;
4)    угууларда шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча шаардык кеңештин токтом долбоорлорун талкуулоону уюштуруу;
5)    жыйындардын чечимдерине жана протоколдоруна ылайык шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу жана аларды белгиленген мөөнөттө шаардык кеңештин төрагасына кол коюуга жөнөтүү;
6)    ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте каттоо жана аларды  ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүү;
7)    шаардык кеңештин иши боюнча шаардык кеңештин тескемелеринин долбоорлорун даярдоо жана аларды белгиленген тартипте кол коюу жана каттоо;
8)    сессияларда, президиумдун, туруктуу комиссиялардын, фракциялардын жыйындарында  кабыл алынган депутаттык маселелерди жана сурамаларды, протоколдук тапшырмаларды даярдоо, сессияларда, президиумдун жыйындарында айтылган сунуштарды жалпылоо,  аларды чара көрүү учүн тийиштүү мамлекеттик, муниципалдык органдарга жөнөтүү, алардын аткарылышын контролдоону уюштуруу;
9)    токтом долбоорлорун иштеп чыгууда адистерди тартуу, алар тарабынан экспертиза  жүргүзүү тууралуу сунуш киргизүү;
10)    шаардык кеңештин парламент аралык жана эл аралык байланыштарын камсыздоо;
11)    шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу токтомдордун жана башка документтердин аткарылышын контролдоо боюнча иште катышуу;
12)    шаардык кеңештин ишин перспективдүү жана утурумдук пландоодо катышуу;
13)    шаардык кеңештин токтомдоруна белгиленген тартипте мониторинг жүргүзүү;
14)    шаардык кеңештин сессияларынын тескемелеринин аткарылышын контролдоо;
15)    шаардык кеңештин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында ар тараптуу жана объективдүү чагылдырууну камсыздоо;
16)    шаардык кеңештин ишин программалык-техникалык камсыздоо;
17)    Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууну жүргүзүүнү камсыздоо;
18)    иш кагаздарын жүргүзүүнү камсыздоо, купуялуулук жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды режимди коргоо жана мыйзам тарабынан корголуучу башка маалыматтарды сактоо;  
19)    кызматкерлерди кайра даярдоону жана аппараттын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
20)    шаардык кеңештин аппаратынын кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс өткөрүү;
21)    чет өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарынын аппараттарынын иш тажрыйбаларын талдап чыгуу, жалпылоо жана практикада жайылтуу;
22)    шаардык кеңештин чечимдерине ылайык, шаардык кеңештин торагасынын тескемелери менен алардын функцияларын аткаруу.

 

Бөлүм башчысы:

Иманбаева Гульнара Казиевна

 

Байланыш маалымат:

Чүй пр.:, 166, 2-чи кабат, 213 кб.

 Тел: 0 (312) 61 22 42 

Бишкек шаардык Адилет Башкармасында 2009-жылдын 13-июлунда каттоодон өткөн.

Каттоо номери N 20-1-09

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2009-жылдын 30-июну N 75

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жергиликтүү жамааттын төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:

а) Эң жогорку артыкчылык даражасы (орден):

- "Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн" (За заслуги перед городом Бишкек);

б) Артыкчылык белги (медаль):

- "Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн" ("За безупречную службу городу Бишкек").

2. "Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө" жожана бул жобонун 1, 2-тиркемелери бекитилсин (тиркелет).

3. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомду жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү чара көрсүн.

4. Шаардык каржы башкармалыгы 2009-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө муниципалдык сыйлыктарды даярдоо үчүн каражат издеп тапсын жана тийиштүү сунуш киргизсин.

5. Бул токтом Бишкек шаарынын Адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн жана массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Мандат, регламент жана этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, коопсуздук, коргонуу жана адам укуктарын сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В.Н.Кимге жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Дж.Мамыровго жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А.Суракматов

Тиркемелер (pdf, 242Кб)