Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкекте СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган аялдар жана эркектер арасында бокс боюнча эл аралык турнир старт алды. Бул 41-турнир болуп саналат.

Калыстар корпусунда бардыгы болуп 13 медалдар комплекти ойнотулат, эркектер арасында (49 кг-га чейин, 52 кг-га чейин, 56 кг-га чейин, 60 кг-га чейин, 64 кг-га чейин, 69 кг-га чейин, 75 кг-га чейин, 81 кг-га чейин, 91 кг-га чейин, 91 кг-дан жогору)  жана аялдар арасында (51 кг-га чейин, 60 кг-га чейин, 75 кг-га чейин).Медалдар үчүн Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россиянын 146 спортчусу күрөш жүргүзмөкчү.Эл аралык турнирдин ачылыш аземине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, депутаты Коргонбай уулу Жусупбек, Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев, спорттун эмгек сиңирген ардагерлери жана күйөрмандар катышты.Айта кетчү жагдай, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек Кыргызстандын бокс боюнча Улуттук федерациясынын вице-президенти.