Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев Эсо Коккелло башында турган Финляндиядан келген делегация менен жолугушту.

Тараптар саламаттык сактоо багытынын адамдын репродуктивдүү ден-соолугу жаатындагы кызматташтыктын перспективалары тууралуу талкуулашты.

Келген меймандар жаңы заманбап клиниканын курулушуна инвестиция жумшоого даяр экендигин белгилешти.

Талкуу учурунда борбор парламентинин төрагасы Канатбек Музуралиев саламаттык сактоо менен билим берүү тармагы приоритеттүү тармактар экендигине басым койду. Шаар инвесторлорду тартуу жана бир катар долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар саламаттык сактоо багытындагы жаңы долбоорлорго ачык жана кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул маселени мындан ары кароо боюнча макулдукка келишти.