Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

14.04.2025 -ж. жарыяланды

 

Бишкек шаардык кеңеши

    

2025-ЖЫЛДЫН 27 МАРТЫНДАГЫ №23 ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы

 № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын

райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын

социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

         «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун «б» пунктчасында «4000 сом» деген сөздөр «7000 сом» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул    токтом    каттоодон    өткөрүлсүн    жана     Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Бишкек  шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине  (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                      Б. Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

Бишкек шаардык кеңеши

     2025-ЖЫЛДЫН 27 МАРТЫНДАГЫ №15 ТОКТОМУ

Участкалык шайлоо комиссиялардын резервин комплекттөө

үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобосун жетекчиликке алып, 2025-жылдын 14 - мартындагы №4 жана 2025-жылдын 26 мартындагы № 11 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1- 2- 3- 4- тиркемелерге ылайык участкалык шайлоо комиссиялардын резервин комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси  Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                  Б. Усеналиев

 

1-Тиркеме  (xlsx.226kb)
2-Тиркеме  (xlsx.275kb)
3-Тиркеме  (xlsx.175kb)
4-Тиркеме  (xlsx.208kb)

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 19

 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясынын  2025-жылдын 26-февралындагы №2 протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жыл үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

  • Аскаров Алик Бакеевич - Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору;
  • Бактыбеков Алымбек Бактыбекович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
  • Сурапбаев Таалайбек Каримжанович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин  Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарды жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
  • Досиев Эдик Шарипович - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
  • Чепеев Калыбек Чепеевич - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
  • Абдиев Бактыбек Кемелович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкери, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
  • Досалиев Эльмир Акуналыевич - Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты;
  • Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
  • Исаков Марат Абдымажимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
  • Рыскулов Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын депутаты, Бажы кызматынын отличниги;
  • Давлянов Дамирбек Тайырбекович - милициянын полковниги, укук коргоо органдарынын пенсионери;
  • Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын эл акыны;
  • Сырдыбаев Улан Муратбаевич - «Нурсан» ЖЧКсынын башкы директору.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын        19-мартындагы № 311 «Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, бул наамга татыктуу болгон адамдарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын белгилерин, ардак грамоталарын, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                           Б. Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 18

 

Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик

объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга

макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын

 Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченем жаратуу ыйгарым укуктары  ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде колдонулары белгиленсин.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында карызы жок, түйшүккө салынбаган (чектелбеген) жана соттук талаштын жүйөсү болбогон мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алсын. Карызы бар, түйшүккө салынган (чектелген) жана соттук талаштын жүйөсү болгон объекттер боюнча маселелер Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилсин.
  4. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына муниципалдык менчикке кабыл алынган мамлекеттик менчик объекттери боюнча маалыматты квартал сайын берип турсун.
  5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
  6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
  8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                              Б. Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 16

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

            «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лира Акунова Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.

2. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-пункттун 2-абзацындагы «Аматов Рысбай Аматович» деген сөздөр «Акунова Лира» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                                   Б.Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 21

 

«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык

 ишканасына республикалык бюджеттен бюджеттик

 кредит алууга макулдук берүү жөнүндө

«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасына 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу үзгүлтүксүз жабдууну даярдоодо жана камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-, 34- жана                  39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31- жана 78-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасына төмөнкүлөргө макулдук берилсин:

- контрагенттер менен кредиттик карыздар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом суммасында бюджеттик кредит алууга;

- республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алуу үчүн «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын мүлкүн күрөө катары коюуга.

2.  «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы белгиленген тартипте:

- республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти тартууга кредиттик келишимге жана тийиштүү карыздык милдеттенмеге кол коюу жол-жобосун жүргүзсүн;

- ишкананын финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин эсебинен бюджеттик кредитти жана пайыздарды төлөөнү жүргүзсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын балансында турган мүлк менен жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти күрөөлүк камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;

- Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан ушул токтомдун                   1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаарынын

шаардык кеңешинин төрагасы                                              Б. Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 24

 

Райондук маанидеги көчөлөрдүн боюнда токтотмолорду уюштуруу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайрылууларынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын конок автотоктотмолорду уюштурууга мүмкүн болгон көчөлөрүнүн схемаларын иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутатты кошуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин санынан жумушчу топ түзүлсүн жана алар Бишкек шаардык кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна киргизилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарында келечекте ротордук жана көп кабаттуу унаа токтотмолорду курууга мүмкүн болгон жерлердин схемасын берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары А. К. Кадыровго жана Ж. С. Ырсалиевге жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссияларына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                               Б. Усеналиев

14.04.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-мартындагы № 20

 

Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы  ПЖ № 10 «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын  ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги         № 126-т тескемесин аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  10-, 11-, 19-беренилерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-02-02-0024-0060, жалпы аянты 576,7 чарчы метр, баланстык наркы 561 700 (беш жүз алтымыш бир миң) сом, калдык наркы 32 868 (отуз эки миң сегиз жүз алтымыш сегиз) сом турак эмес жайды жалпы аянты 0,275 га жер участогу менен ипотекалык турак жай куруу үчүн мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                          Б. Усеналиев

05.03.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февраль №12

2025-жылга карата Бишкек шаарынын

социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын

жана 2026-2027-жылдарга

болжолун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2025-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

конуштар статусунан толук баш тартуу жана 2025-жылга карата аларды шаардын кичирайондорунун катарына киргизүү жөнүндө маселени карасын;

шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу убагында  ар бири 30дан ашык белгилүү музейлерди кыдыруусуна мүмкүндүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

Чүй областынын Ысык-Ата районунда турган жаңы суу насостук горизонтторду өздөштүрүү жөнүндө маселени талдап жана иштеп чыксын;

жеке жактар тарабынан лизингге коомдук транспорт  сатып алуу боюнча программаны иштеп чыксын;

окуучуларды мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карап чыксын;

коомдук транспорттун айланма тутумунун иштөөсүн уюштуруу маселесин карап чыксын;

“Кумайык” программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;

2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;

2025-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.

  1. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                      Б. Усеналиев

Тиркеме 1

Тиркеме 2

 

21.02.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февраль №13

Электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык уруксат берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме

21.02.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февраль №11

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» жобосун жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмеси  Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

   

Төрага                                                                                            Б. Усеналиев

 

Тиркеме

21.02.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февраль №10

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 "Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

       1.  Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 163 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

            Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө» жобонун 29-пункту төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:

         «7) Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча:

            жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү перспективасын карайт, учурдагы инфраструктураны талдайт жана турак жай-коммуналдык чарба, социалдык чөйрө жана транспортту кошуп алганда ар кандай тармактарда модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;

            жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү менен байланышкан маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын карайт, актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн тургундар менен жолугушууларды уюштурат;

             жаңы кошулган аймактардын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жана социалдык муктаждыктарын талдайт жана мониторинг жүргүзөт;

             өз чечимдеринин жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөйт;

            жаңы кошулган аймактардагы калктын жашоо деңгээлинин мониторингин жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;

            жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен каражат бөлүү боюнча сунуштарды даярдайт;

            колдонуудагы мыйзамдарды талдайт жана жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүгө тиешелүү бөлүгүндө аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдайт;

            жаңы кошулган аймактардын экономикалык потенциалын талдайт жана аны өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат;

            комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча шаардык кеңештин башка туруктуу комиссиялары менен өз ара аракеттенет;

            комиссиянын иш багыттары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;

           алардын иш-аракеттеринин таасирдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жаңыдан кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган токтомдордун мониторингин жана баалоону жүргүзөт».

 

        2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

        3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                    Б. Усеналиев