Аталган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналып, “Юный вестник” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.
Кыргызская версия
.jpg)
Мектепке чейинки окуу жайларынын электрондук кезек жана мектептерге окуучуларды ашыкча кабыл алынуусу жана маселени чечүү жолдору.
Бүгүн, 11-декабрда, Бишкек шаардык кеӊештин Төрагасы Жаныбек Абиров жана БШКнын депутаттары залкар жазуучубузду эскерип, эстелигине гүл коюшту.
.jpg)
.jpg)
Мелдеш, Бишкек шаардык кеңеш тарабынан, Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган.
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«__»_______2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак
үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча
кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө карата тариф (анын ичинде эксплуатациялоону уюштуруу, утурумдук оңдоо, авариялык тейлөө, диспетчердик контролдоо) үчүнчү жана андан жогорку кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсепке албаганда) айына 8,31 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифт жабдууларын талаптагыдай техникалык тейлөөнү камсыздасын;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин реестринде турган, эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн иштеп бүткөн лифттерди, лифт жабдууларын андан ары белгиленген тартипте көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү менен этап боюнча модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирип оңдоону жүзөгө ашырсын;
- Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан башка тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндө лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)
Финансылык корутунду (jpeg.301kb)
Юридикалык корутунду (jpeg .279kb)

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «_____»__________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын мэриясына
муниципалдык мүлктү күрөөгө коюуга
макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 19-05/54 субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)
Финансылык корутунду (pdf.134kb)
Юридикалык корутунду (pdf .121kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___» __________2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык авто
токтотмолорду жана авто коюучу жайларды уюштуруу
боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тууралуу
Бишкек шаарында авто токтотмолор жана авто коюучу жайлар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт тутумунда жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнү башкаруу, уюштуруу жана төлөмдү алуу боюнча 11 айлык мөөнөткө пилоттук долбоор өткөрүлсүн.
2. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү пилоттук режимде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды башкаруу жана уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылсын;
- муниципалдык авто токтотмолорго жана авто коюучу жайларга автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу үчүн акы, автоматташтырылган төлөм жана убакытты эсепке алуу системасы менен пилоттук режимде саатына тарифи боюнча 2-тиркемеге ылайык белгиленсин;
- I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар – «Майыптыгы бар адам» деп таануу белгиси менен, каттоо документтеринде тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын ээлери, токтотмо үчүн акы төлөөдөн бошотулушсун.
4. Муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды электромобильдер үчүн пайдалануу акысына 50 пайыздык өлчөмүндөгү арзандатуу белгиленсин.
5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоор алгылыктуу жүзөгө ашырылган учурда, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоору белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрынан №206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралынан №151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымат (docx.69kb)
Финансылык корутунду (pdf.154kb)
Юридикалык корутунду (pdf .168kb)
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунуну 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
38-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "5-пункттун а) пунктчасы үчүн ижара акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 4-тиркемесине ылайык белгиленет".
2. Бишкек шаардык мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Д. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев
“Жаңы күч-Новая сила”
фракциясынын лидери К. Конгантиев
Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)
Салыштырма таблица (docx.20kb)
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун тиркемесине төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 53-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Рыноктук ижара акысы менен мүлктүк комплекстерге (сейилбак) ижаралоо келишими 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.”; 55-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Комиссия, мүлктүк комплекстин (сейилбак) ижарачысынын арызына ылайык, ижара келишиминин мөөнөтүн бирдей мөөнөткө узартууга укуктуу, бул учурда ижара акысынын наркы акыркы 5 жылдын инфляциясына ылайык көтөрүлүүгө тийиш; ошондой эле ижарачы 10 жылдан 15 жылга чейинки узартуу мөөнөтүнө ижара акысын аванс түрүндө төлөөгө даяр болсо ижарачыга келишиминин мөөнөтүн инфляцияны эсепке албай жана жалпысынан ижара акысын жогорулатпай 10 жылдан 15 жылга узарта алат.”.
- Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Б. Усеналиев
“Адилет” фракциясынын
лидеринин орун басары Э. Бахтияров
Негиздеме-маалымкат (docx.17kb)
Салыштырма таблица (docx.15kb)
Долбоор
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык
башкармалыктарынын чектерин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик – аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин схемалык карталары ушул токтомдун 1-32 тиркемелерине ылайык;
- Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин баяндамасы ушул токтомдун 33-тиркемесине ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №286 токтому күчүн жоготту деп таанылсын
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.39kb)
Финансылык корутунду (pdf.540kb)
Юридикалык корутунду (pdf .456kb)
Тиркеме (pdf. 56 кб )
Тиркеме 1 (pdf. 2729 кб )
Тиркеме 2 (pdf. 320 кб )
Тиркеме 3 (pdf. 440 кб)
Тиркеме 4 (pdf. 412 кб)
Тиркеме 5 (pdf. 256 кб )
Тиркеме 6 (pdf. 221 кб )
Тиркеме 7 (pdf. 214 кб )
Тиркеме 8 (pdf. 228 кб )
Тиркеме 9 (pdf. 229 кб)
Тиркеме 10 (pdf. 183 кб )
Тиркеме 11 (pdf. 139 кб)
Тиркеме 12 (pdf. 192 кб )
Тиркеме 13 (pdf. 199 кб )
Тиркеме 14 (pdf. 228 кб)
Тиркеме 15 (pdf. 247 кб)
Тиркеме 16 (pdf. 237 кб)
Тиркеме 17 (pdf. 177 кб)
Тиркеме 18 (pdf. 178 кб )
Тиркеме 19 (pdf. 202 кб )
Тиркеме 20 (pdf. 341 кб)
Тиркеме 21 (pdf. 311 кб )
Тиркеме 22(pdf. 330 кб)
Тиркеме 23 (pdf. 312 кб)
Тиркеме 24 (pdf. 251 кб )
Тиркеме 25 (pdf. 214 кб)
Тиркеме 26 (pdf. 2223 кб)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун
чек араларын бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун чек араларынын схемалык карталары ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык;
- Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун чек араларынын баяндамасы ушул токтомдун 5-8-тиркемелерине ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.2 221kb)
Финансылык корутунду (pdf.520kb)
Юридикалык корутунду (pdf .498kb)
Тиркеме 1 (pdf.847kb)
Тиркеме 2 (pdf.514kb)
Тиркеме 3 (pdf.838kb)
Тиркеме 4 (pdf.207kb)
Тиркеме 5 (docx.39kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы
№ 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү
эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин өркүндөтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринде:
- 59-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Бишкек шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке турак үйлөрдүн, көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери КТКны саат 18:00дөн саат 24:00гө чейин алып чыгууга милдеттүү.»;
- 67-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Контейнердик аянтчаларга жана аларга түздөн түз жакын аймактарга таштандыны (күл, дарактардын бутактары, кургак чөп жана башка буюмдар) таштоого жана үйүп салууга тыюу салынат.».
- 77-пунктунда «кум» деген сөздөн кийин «, реагенттерди» деген сөз менен толукталсын.
- 162-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«162. Топуракты, таштандыны, чачылма курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, чөп чабындыларын, күлдү, бактардын таарындыларын брезент же жолду булгаганга жол бербеген башка материалдар менен жаппай туруп ташууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын аймагында 07:00дөн 10:00гө чейинки эртең мененки кыймыл күчөгөн сааттарда N2, N3 категориядагы жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана O2, O3 жана O4 категориядагы прицептердин кыймылына тыюу салынат. Товарларды жана жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү атайын бөлүнгөн аянтчаларда жүргүзүлүшү керек, эгерде алар соода жайларында болсо, кыймылга тоскоолдук кылбоого тийиш. Азык-түлүк коопсуздук деңгээлин баалоо үчүн негизги продукт болуп саналган товарларды, тез бузулуучу товарларды, тамак-аш продукциясынын товарларын жана медициналык товарларды, ошондой эле атайын кызматтардын (өрт кызматы, медициналык тез жардам, авариялык- куткаруу кызматы, укук коргоо органдары, коммуналдык, муниципалдык, мамлекеттик кызматтар, куралдуу күчтөрдүн транспорттук каражаттары жана коопсуздукту, тартипти жана шаардын жашоо-тиричилигин камсыздаган башка кызматтар) товарларын жана жүктөрүн ташыган транспорт каражаттарына гана тыюу салынбайт. Соода тармактарына кирген жана атайын бөлүнгөн аянтчалары бар соода түйүндөрүнө товарларды жеткирүү, ушул пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөрдү эске албастан жүргүзүлөт.».
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Салыштырма таблица (docx.24kb)
Негиздеме-маалымкат (docx.32kb)
Финансылык корутунду (pdf.288kb)
Юридикалык корутунду (pdf .275kb)
Аналитикалык кат (pdf. 6345kb)

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___»_______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
- Бишкек шаардык кеңешине 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Тиркеме 1 (docx.142kb)
Тиркеме 2 (docx.55kb)
Тиркеме 3 (xlsx.28kb)
Маалымкат негиздеме (docx.21kb)
Финансылык корутунду (pdf.542kb)
Юридикалык корутунду (pdf .55kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___» __________2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык
көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартибин бекитүү жөнүндө
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1...Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2...Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3...Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Тиркеме (docx. 21kb)
Маалымкат негиздеме (docx. 31kb)
Финансылык корутунду (pdf.65kb)
Юридикалык корутунду (pdf .308kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025 жылдын «__»________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын талапка ылайык келтирүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 6, 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Маалымкат негиздеме (docx.25kb)
Финансылык корутунду (pdf.82kb)
Юридикалык корутунду (pdf .86kb)
Салыштырма таблица (pdf .156kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «____»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232-пункттар менен толукталсын:
«231. 2024-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.
232. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларынын багыты ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;
2) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8, 9-тиркемелер менен толукталсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Тиркеме (xlsx.39kb)
Салыштырма таблица(docx. 19kb)
Маалымкат негиздеме (docx.59kb)
Түшүндүрмө кат (docx.26kb)
Бишкек шаардык кеңешинин
"Жаңы күч-Новая сила"
фракциясы тарабынан
иштелип чыккан долбоор
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137
"Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137 " Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү жана алмаштыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
8-пункттагы "жана жер участогун алмаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "же маалымкат берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү маазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын:
«9.1. Маалымкат берүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырат:
ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүнүн негизинде 3 жумуш күн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуш максаттарын, шаар куруу документтерине шайкештигин аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча жер участкасын пайдаланууга уруксат берилген бардык түрлөрү жана жер участкасынын функционалдык максаты көрсөтүлгөн маалымкат берет;
жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана жер участогунун функциялык багытын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ушул жобого ылайык комиссия аркылуу бул маселени андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга жооп жиберет;
төмөнкү мазмундагы 31.1-пункт менен толукталсын:
«31.1. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын негизинде ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте жер участогун пайдаланууга уруксат берилген жана жер участогунун функционалдык максатынын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн эң жогорку ставкалары боюнча ижара төлөмдөрүн эсептөөнү жүргүзөт жана арыз берүүчү менен 3 жумуш күн ичинде мурдагы шарттарда кошумча келишим түзөт.
Эгерде жаңы эсептөө учурунда ижара төлөмдөрү келишимдин мурдагы шарттарына караганда жогору болсо, анда ижара төлөмдөрүн эсептөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңы эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт жана кошумча келишимде көрсөтүлөт.".
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
2025-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө тиешелүү мекемелер менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарды эске алуу менен Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча жаңы эрежелерин иштеп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;
белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Д. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
"Жаңы күч – Новая сила"
фракциясынын лидери К. Конгантиев
Маалымкат негиздеме (docx.14kb)
Салыштырма таблица (docx.15kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___» __________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чүй областынын Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айыл аймагында жайгашкан питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамындарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы өкүлүнүн 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 01-12/503 катын эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Чүй областы, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айыл аймагы, Чоң Таш айылы дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3,7 га, идентификациялык коддору: 7-01-16-0015-0217, 7-01-16-0015-0218, 7-01-16-0015-0219, 7-01- 16-0015-0220, 7-01-16-0015-0221, 7-01-16-0015-0022, 7-01-16-0015-0023, 7-01-16-0015-0224 тийиштүү жер участоктору жана турак эмес жайлары менен питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;
– муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Маалымкат негиздеме (docx.20kb)
Финансылык корутунду (docx.134kb)
Юридикалык корутунду (docx.121kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__» ______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт эске алынсын.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Аткаруучу:
Бөлүм башчы-шаарды өнүктүрүү
башкармалыгынын
начальнигинин орун басары
У.С. Асанкулов, тел: 66-09-05
Маалымкат негиздеме (docx.20kb)
Финансылык корутунду (pdf.134kb)
Юридикалык корутунду (pdf .121kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «___» _________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү салыктарды башкарууга салыктык контролду күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесине, 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Майзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылаат:
1. Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Аткаруучу:
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук
аппаратынын чечимдерди даярдоо боюнча
башкармалыгынын чечимдерди даярдоо
жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы
Л.С. Кучкачова
тел: 979195 (0101) ______________
Маалымкат негиздеме (docx.25kb)
Финансылык жана юридикалык корутундулар (pdf.356kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__»_________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык
сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин
автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке
акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 31-т тескемесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автобазасы» мекемесинин тиркемеге ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы
Маалымкат негиздеме (docx.25kb)
Финансылык корутунду (docx.30kb)
Юридикалык корутунду (docx.14kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «__» _______
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
«Таза асман - 2030» концепциясын бекитүү жөнүндө»
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 30 токтому менен бекитилген «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасында каралган тышкы колдонуудагы коммуникациялык тармактарды жер астына жайгаштыруу жолу менен шаарды эстетикалык өзгөртүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза асман - 2030» концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.. Бишкек шаарынын мэриясы:
- бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары – Иш-чаралар планы) иштеп чыксын жана бекитсин;
- жер астындагы кабелдик канализациянын курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлө турган көчөлөрдүн тизмегин бекитсин;
- Иш-чаралар планын каржылоо тиешелүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгын белгилесин.
3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалым кат (docx.27kb)
Финансылык корутунду (pdf.289kb)
Юридикалык корутунду (pdf.226kb)
«р) обеспечить приведение в соответствие с требованиями законодательства Кыргызской Республики учредительных документов SOS- средней школы Германа Гмайнера, детского сада SOS - Детской деревни
Бишкек шаардык кеңештин токтому
Бишкек шаардык кеңештин
түзүмүн бекитүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин түзүмү бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага М. А. Аманкулов
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №3