Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

1-ноябрында, саат 10-00дө, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, ошондой эле XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 9-сессиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 1-ноябрында, саат 10-00дө, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.