Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана меймандары! Бүгүн, жаздын ушул жаркыраган күнүндө биз Ноорузду - жазгы күн менен түндүн теңелген күнүн майрамдайбыз. Сиздерди бүгүнкү жаз майрамы менен Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Нооруз жаз менен жаңылануунун майрамы, бүт табият жанданып, баары жаңырып, жаңы үмүттөр жаралат. Бул элдин жүрөгүндө сакталып, муундан муунга маданий-маалыматтык баалуулук катары өтүп келе жаткан байыркы майрамдардын бири.
Жаркыраган Нооруз майрамы ар бирибизде жакшылыкка ишеним жаратып, ар бирибизде тазалыкка, жаратмандыкка умтулууну жаратсын. Ойгонгон жаздын ар бир күнү, күндүн ар бир шооласы үйүңүздөргө бакыт, береке алып келсин.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен  ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун.