Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаңылыктар

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Улуттук баш кийим – Ак калпак күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

 

Ак калпак кыргыз элинин кайталангыс маданиятынын бир бөлүгү. Ак калпак эзелтеден кыргыздардын салттуу баш кийими, ата-бабаларынын мурасы катары эсептелип, терең улуттук философияны камтыган. Анын формасы, оймо-чиймелери жылдар бою өзгөрбөй, муундан муунга өтүп келген. Алардан кыргыздар баш кийимдин ээсинин жаш курагын, статусун билишкен.

Ак калпак күнүн белгилөө салтка айланды. Бул күнү биз улуттук баш кийимге гана эмес, элибиздин үрп-адаттарына, каада-салттарына болгон урмат-сыйыбызды билдиребиз.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Баарыңарга чың ден соолук, бакыт жана жакшылыктарды, ал эми мамлекетибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүсүн каалайм.